Учурда өлкөдө коронавируска каршы Спутник V, Спутник-Лайт, AstraZeneca, Pfizer, Moderna вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Бирок, адистер эмдөө деңгээлин орто деп баалашууда. Дагы деле жарандардын вирустан сактануу эрежесин аткарбай, вакцина албагандан улам ковид-19 кулачын жайууда.
Гүлнара Мамбеткалиева дене табы көтөрүлүп, жөтөлүп тез жардам унаасы менен дарыканага жеткирилген. Анын айтымында вакцина алган эмес:
“Мен ооруп ооруканага түшүп калдым. Учурда абалым жакшы. Бирок вакцина алган эмесмин. Ойлоп атам да эгер вакцина алсам мынчалык эмес жеңил өтүп кетет беле деп. Дайыма эле эмдөөдөн өткүлө деген маалыматты угуп эле жүргөм көп маани бербептирмин. Эми буйурса ооруканадан чыккандан кийин вакцина алууну пландап жатам.”
Оорудан сактануунун жалгыз жолу — бул вируска каршы эмдөөдөн өтүү экенин айтып келебиз. Башка жолу жок. Жукпай турсун деген аракеттин баары убактылуу. Вакцина илдетти жуктуруунун алдын алат, жукса да жеңил формада өтүүнүн кепилдиги болот. Жарандар жашайм, жакындарымдын өмүрүн сактайм десе эмдөөдөн өтүү керектигин айтат дарыгер Гүлзана Жакыпбекова:
“Азыр деле бизге коронавирус менен ооруган байтаптар кайрылып жатышат. Алардын көпчүлүгү вакцина албагандар. 99% эмдөөдөн өтпөгөндөр оор абалда келип түшүп жатышат. Бул оору менен азыр жаштар деле, кары адамдар дагы ооруп жатышат. Басымдуу бөлүгү жашы улуу адамдар болуп жатышат. Себеби, аларда кошумча өнөкөт оорулар көп болот. Булар дагы убагында карйылбай оору абдан күчөп кеткенде кайрылып жатышат.”
Коронавирустун жаңы штаммы Омикрон 63 өлкөгө тарады
Айгерим Кубатбекова