Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде 2020 — жылы сентябрь айында кыздар ичинде «Чырак» клубу түзүлгөн. Бул клубдун негизги максаты кыздарды ыйманга чакырып, китеп окууга, билимге тартуу болгон. Клуб жаңыдан түзүлүп, иш алып баштаганда Ковид-19 илдетинин таасири ишин токтотууга себеп болгон. Бирок кыздар онлайн форматта бири-бирлери кабарлашып, иш алып барып жатышкандыгы чоң жетишкендиктердин бири.
Чырак клубунун мүчөсү жана түптөөчүсү Акылай Жумабекова төмөнкүлөргө токтолду:
«Чырак клубунун негизги максаты мектебибизге, айылыбызга, мамлекетибизге өз салымыбызда аз да болсо кошуу менен мамлекеттин өнүгүшүүнө себеп болуу. Келечек муунга таалим тарбия берүү, аларга үлгү болуу менен билимдүү, илимдүү жаш кыздардын өсүшүнө түрктү болууну көздөдүк.
Биздин өзгөчөлүгүбүз бардык мүчө кыздардан түзүлгөн жана биздин алып барган иштерибиз, конкурстарыбыз, тренингlерибиз тек кыздарга кана тиешелүү. Азыркы учурда биздин клубда 12 кыз эмгектенебиз ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү жумуштарыбыз бар. Алдыга койгон максаттарыбыз чоң. Аларга жетүү үчүн бир нече иштерди да пландап жетише алдык».
Чырак клубунун мүчөсү Акылай Ыдырысова пандемия жана андагы иш аракеттер тууралуу айтты:
«Биздин клуб негизи карантин убагында, пандемия кайнап турган маалда түзүлгөн. Бирок биз пандемия болсо дагы телефон аркылуу группа ачып пландарыбызды ошол жерден сүйлөшүп, ишке ашырууга аракеттерди жасап жаттык. Башында клубда алты мүчө гана бар болчу, кийин 12 кыз болдук. Негизи биз айылыбыздагы мектептин ардактуу бүтурүүчүлөрүнөн тузүлгөн «Бирге » жана «Кадам » клубдарына өбөктөн жөлөк бололу деп түзүлгөнбүз жана ошондой эле кыздарга ар кандай тренингдерди өтүп билимин күчөтүү биздин негизги максат болду.»
Мектептеги кыздарга ар тараптан өнүгүүгө багыт берген «Чырак» клубунун иштерин телеграмм каналынан көрө аласыздар.
Акбермет Руслан кызы