Чүй облусунуна караштуу Токмок шаарында кулпунайдын сезону бүтүп бара жаткан учур. Кулпунай май айынын 15теринде башталып, июнь айынын 15теринде бүтөт. Базар баасы боюнча кулпунайдын килограммы 250-400гө чейин болуп жатат.
Гулнара Намыржанова Токмок шаарынын тургуну кулпунай тууралу төмөнкүлөргө токтолду:
«Учурда кулпунайдын сезону бүтүп бара жатат. Бир гана жолу гүлдөгөн сортун тигишкен. Кээ бир сорттору кар түшкөнгө чейин териле берет. Кулпунай сезону май айынын 15 теринде башталып, июнь айынын 15терине жакын бүтүп калат. Көп жолу терилчү түрлөрүнүн биринчи терими да ушул убакытта бүтөт.
Кулпунай терүү үчүн атайын элдерди саатына акча төлөп иштетишет, сезону бүтүп бара жаткан мезгилде чакасына төлөшөт. Күнүнө 500-2000ге чейин акча табабыз. Базарда кулпунайдын килограммы 250дөн 400гө чейин барат. Кулпунай тиккен адамдар көп киреше табышат. 1гектардан 10-15тоннага чейин түшүм алынат. 1,5миллионго чейин киреше тапкан адамдар болгон. Кулпунай пайдалуу, кирешелүү келет. Кулпунайдын пайдалары: тамак сиңирүүгө жакшы таасир этет, табитти жакшыртат, ашказанды тазалайт, булчуңдарды чыңдайт мындан тышкары дагы башка көптөгөн пайдалары бар».
Аяна Эрланова