Көк-Жар айылындагы Ибраев Шеримбек атындагы гүлбакчасында ачык асман астында өтүлүүчү лагерь уюштурулган. Лагерде балдарга окууга жетишүүсүнө жана көңүл ачууга жардам беришет.
Турдакун Усубалиев атындагы орто мектептин башталгыч класстын мугалими Шайлоо Шопокова:
«Негизинен лагерь 1-июндан башталмак, бирок биз 5-июндан баштап ачтык. Лагер 15күн экен 20сында аяктайбыз. ЮСАИДдин демөөрчүлүгү менен китептерди, окуу үчүн шилтемелерин берип, айлык чыгарылып берилүүдө. Буга чейин «Окуу керемет»ке барып окуп келгенбиз. Ушундай долбоорлорго көп көптөн катышсак бизге көбүрөөк нерселер келе баштайт экен. Күнүнө 2 сааттан болот. Эртең менен саат 10:00дө башталып 12:00дө балдарды үйлөрүнө таратабыз. 2саат убакыт ичинде ойнотобуз, окутабыз, ырдатабыз кыскасы балдарды алаксытып үйрөткөн гө аракет кылабыз. Бул абдан жакшы экен, өзгөчө эшикте окуган. Өздөрүн жайлоодо, жаратылышта жүргөндөй сезишип, кызыгуусу күчөйт. Азыркыга чейин биз бир да сабакты эшикке өтчү эмеспиз. Ошондуктан бул жайкы лагерь балдарга абдан жакты. Лагерь балдардын сүйлөөгө, пикир алышканга, логикалык ой жүгүртүүсүн, чакан аңгемелерди жазганга, сүрөт тартканга жана ар кандай көнүгүүлөрдү жасоого үйрөтөт».
Кусейин Марат уулу