7-июнь күнү Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Турдакун Усубалиев атындагы орто мектебинде Улан Эгизбаевдин жаркын элесин эскерүү иретинде дил баян жазуу сынагы болуп өттү.
Маркум Улан Эгизбаев Азаттык радиосунда бир кыйла эмгектенген. Ал Кыргызстандагы журналистика тармагынын чыгаан өкүлү катары таанымал эле. Журналисттик иликтөө тармагын жаңы деңгээлге чыгаруу менен катар эле кыргыз тилин байытуу, аны кеңири колдонуу боюнча көп иш-аракеттерди жасаган. 2018-жылы кырсыктан кийин Улан Эгизбаев бул дүйнө менен коштошкон.
Кабарчынын жаркын элесине арналып Турдакун Усубалиев атындагы орто мектептин 11-класстарынын окуучуларына дил баян жазуу сынагы болуп, дил баян жазуу үчүн 1 саат убакыт берилип, жыйынтыгында 4 окуучу сыйлыктарга ээ болушту.
Бакыт Асанов: «Акыркы 4 жылдан бери «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаеванын демилгеси менен дал ушул Улан Эгизбаев төрөлүп-өскөн, билим алган Кочкор районунун Көк-Жар мектебинин окуучулары арасында атайын кыргыз тилинде жазылган дил баян сынагы жарыяланып келүүдө. Сынактын негизги максаты Улан Эгизбаевдин айылдаштарынын арасында аты чыгып, эли-жери үчүн жасаган аракеттерин унутта калтырбоо. Сынакта алгач теманы тандап алышып, андан соң ошол тема боюнча дил баяндарды жазышат. Быйылкы сынактын темасы «Мен кандай өлкөдө жашагым келет? Өлкөмдүн келечегин кандай көрөм?». Бул теманы тандап алганыбыздын дагы бир себеби бар. Улан Эгизбаев да Кыргызстан коррупциясыз өнүгүп, келечеги жаркын болсун деп кыялданар эле. Ал үчүн жөн гана кыялданып койбостон аракет дагы кылчу. Ошол себептүү бүгүн бүтүрүүчүлөрдүн буга болгон көз карашын, ой-толгоолорун билүү максатында келдик».
Кусейин Марат уулу
Жаштар Улан Эгизбаевдин атынан бирикме ачып, иш алып барууда