Республиканын көпчүлүк айылдары мал киндиктүү калк болгону менен айылдарда курут анча көп өндүрүлбөйт, себеби, курут жасоонун түйшүгү оор жана көп убакыт талап кылынат. Ал эми курут жасала турган сүзмөлөр жай айларында тонналап борборлорго ташылып кеткен менен курут баасы арзан эмес. Эмне үчүн?
Бүгүнкү күндө куруттун бир нече түрлөрү жасалып сатылууда. Анын түрлөрүнө жараша баалары ар кандай. Бирок жалпылаганда 1кг курут 450-500сомдон кем эмес болууда. Айрымдары жөнөкөй баштыкчаларда болсо, айрымдары фирма тарабынан кооздолуп чыгарылат. Акыркы эки жылдан бери куруттун баасы кескин өсүп жатканы баарыбызга белгилүү. Буга эмне таасир берип жатканы жөнүндө иликтөө ишибиздин жыйынтыгы төмөндөгүдөй:
Алгачкы каарманыбыз (атын атоодон баш тартты) алыскы Кант шаарынан келип жай айларында Кашка-Суу жана Соң-Көл жайлоолорундагы чабандардан тонналап сүзмө алып кетет. Ал бир жумада бир келет, чабандардын дээрлик бардыгы ага өткөрүшөт, азы 30кг сүзмө өткөрсө, көбү 80кг га чейин өткөрүшөт. Алынган сүзмөлөрдү курут жана чалап жасоо үчүн “Шоро” фирмасына алып барат.
“Мен ар жуманын төртүнчү күнү сүзмө алганга атайын эки жайлоого барам, былтыр бир килограмм сүзмө 80сомдон болсо, быйыл 100 сом, кээде 110сомго чейинки баада болду. Бул баа быйыл тез эле көтөрүлүп, такыр баасын төмөндөткөн жок. Мурунку жылдары бат түшүп, бат көтөрүлүп туруктуулугун сактачу эмес. Мунун бир нече себеби бар, биринчиден, шаарда таза экологиялык азыктарга суроо-талап аябай күчтүү болду, экинчиден аба-ырайынын ысык болушу да сүзмөдөн жасалган суусундуктардын көп өтүшүнө өбөлгө түздү жана айылдагы мал багуунун акысы да кымбаттады, дагы бир себеби, азык-түлүккө болгон баанын өсүшү да таасирин тийгизди. Бир келгенде бир жарым тонна же эки тонна сүзмө жүктөп кетем,”-дейт.
Сүзмөнүн килограммы 100сомдон дүн баада сатылып жатса, Кочкор районундагы базарларда чекене баасы 140-150сомдон сатылат. Ал эми ошол сүзмөдөн жасалган куруттун баасы 450-500сомдон сатылууда. Бул баа аларман үчүн өтө эле кымбатка турат. Кээде балдарына сатып берерде начар куруттарга көп кездешерин баса белгилейт курутту көп сатып алган каарманыбыз Сабира Сарыгулова.
“Жолдогу куруттарды мурун көп сатып алчумун, акыркы күндөрү начар куруттарды көп көрүп, анан алардан алууну баш тарттым, азыр райондун борборунда бир-эки жер бар накта таза куруттарды жасашат. Ал жердин куруттары жакшы, даамдуу. Былтыр 250-260сомдон сатылчу. Быйыл 450сомдон алып жатам. Бул баанын көтөрүлүшү жалпы эле кымбатчылыкка байланыштуу деп билем, анын үстүнө курутту жасоодо көп түйшүктөр бар ошого да болсо керек. Айылда көп эле сүзмө кылып саткандар бар алар эмнеге жасашпайт билбейм. Балким алар жасап сатса бир аз арзан алмак белек?”-дейт.
Төлөк айылынан курут жана чалап үчүн бир айда 6-7 тонна сүзмө ташылып турат. (Бул жай мезгилиндеги маалымат). Жалпы алганда бир мезгиледе (сезондо) 32-33 тонна сүзмө курут жана чалап үчүн сыртка чыгат. Мындай айылдардан республикада нечендеп саналат да, алардан да ушунча сүзмө курут, чалап үчүн сатылып турат. Демек, тонналаган сүзмөлөрдөн жасалып жаткан куруттар эмне үчүн арзандабай тескерисинче кымбаттап жатат?
Курут жай айларында көп жасалат жана көп сатылат, сүзмөнү дүң баада сатып алып, үй-бүлөсү менен курут жасап сатыкка чыгаргандар бар. Ал куруттар техникасы жана кошулмасы жок эле таза жасалат. Күн сууктап калганда курут жасоо иши солгундай түшөт. Ошондой курут жасап саткандардын бири Бакыт Өмүрзаков бир күндө эң көп дегенде 40-50кг курут өткөрөт.
“Курутту мыкчып жасайбыз, бул эң көп өтүмдүү курут болуп саналат тоголоктогон куруттарга караганда. Сүзмөнү 100сомдон сатып алам, айрым учурда эскирип кеткен сүзмөлөрдү аралаштырып сатып жибергендер да болот, бул учурда аябай чыгашага учурайм. Бирок жакшы текшерип алганга аракет кылам. Куруттун өтүмдүүлүгү жакшы.
Сүт азыктарын саткан чакан дүкөнчө бар ошол жерде сатылат. Айрым чоң дукөндөр да бизден алат. Куруттун баасы ар кандай мисалы: чөбөгө, сыр, каймак кошулуп жасалса алар бир аз кымбат. Таза кошулмасы жок сүзмөдөн жасалган курут 450-500сомдрн сатылат. Бул курутка кеткен чыгымды эсептей келгенде кымбаттаганы туура эле болуп калат, себеби, 3 кг сүзмөдөн 1кг курут алынат, андан сырткары алып келүү жолунун акысы болот. Ар кандай сүзмөлөр бар аябай кургаган же суусу көп дегендей, анан келгиче суусу агып, алган өлчөмдөн кемип калат.”
Мындан 486 кг курут жасалат. Аны 450 сомдон 218 700 сом болот. Андан 134 088.5 сом чыгашаны алганда, накталай киреше 84611.5 сом болот. Бул суммага жасаган эмгек акы кошулган жок. Мында ар кандай коопсуздуктар бар. Мисалы, машина бузулат, тетик керектелет, сүзмө эскирип кетет жб.
Эскертүү: Бул баалар 1-таблицадагы баалардын негизинде эсептелинди
Курут өлкөдөгү тынымсыз өтүп турган азык-түлүктүн катарын толуктайт. Анткени акыркы күндөрү таза азыкка болгон басым көп жасалууда. Анын баасынын кымбатташына да анын тынымсыз өтүп, туруктуулугун сактагандагында. Андан сырткары, куруттун кымбатташына тикелей ага кеткен чыгымдардын көптүгү, мал багуудагы салыктардын өйдө болушу таасирин тийгизип жатат. Алынган сүзмө көп болсо дагы аз салмактагы курут жасалгандыгында. Башкача айтканда, 3кг сүзмөдөн 1кг курут өндүрүлгөндүгүндө.
Бурул Майрамбек кызы