Кочкор жергесинде эле эмес, Кыргызстан боюнча жалаң менчик дарыканалар иш алып барып жатышат, анткени биздин өлкөдө мамлекеттик дарыканалар жоктугуна байланыштуу, дары-дармек рыногунда монополист компаниялар дарыларга баа саясатын каалагандай коюп сатып келишет.
Кочкор айылында онго жакын дарыкана бар. Жергиликтүү эл дары-дармектерди алууда көбүрөөк «Лекарь» жана «Неман» дарыканаларынан соода кылышат. Анын себеби башкалардан айырмаланып бул жайларда дарылардын түрлөрү кенен жана баалары да арзаныраак деп эсептешет.
Биз дарылардын бааларын талдаш үчүн Кочкор айылындагы дарыканаларда кеңири эл арасында белгилүү дары-дармектердин бааларын, азыркы учурдагы сатуу деңгээлин билүүгө биринчиден «Лекарь» аптекасында эмгектенген фармацевт Элнура Абдиевадан кийинки маалымат алдык.
«Бүгүнкү күндө сасык тумоого чалдыккандардын саны көбөйгөндүктөн вируска каршы жана алдын алуу боюнча дарыларга суроо-талап бир топ жогорулап жатат. Ошондой эле, өткөн айларга салыштырмалуу дары- дармектерди сатуу пайызы өстү. Бирок бул көрүнүш сезон үчүн нормалдуу эле».
Дарыканада дарылар үзгүлтүккө учурабайт, анткени жумасына 3 жолу Балыкчы шаарындагы жайгашкан кампадан келип турарын аптеканын кызматкери белгиледи. Дары-дармектердин бааларын Бишкек шаарындагы башкы кеңсеси коюп берерин айтып кетти.
Калк сасык тумоо эпидемиясынан качып, баанын көтөрүлүшүнүн алдын-алуу максатында дарыларды сатып алуу аракети боюнча Элнура Абдиева кийинкини билдирди:
«Жашоого маанилүү дары- дармек каражаттарынын тизмесине кирген жана түзүлүп жаткан эпидемиологиялык кырдаалда калктын арасында чоң суроо-талапка ээ болгон дары-дармектерди аныктап, алар бүгүнкү күндө дарыкана түйүндөрүндө чекене баалар менен сатылууда».
Кайсы дарыларды сасык тумоо учурунда, көбүрөөк эл арасында сатуу пайызы бар деген сурообузга кийинки жооп алдык.
«Көп учурларда кардарлар бизге рецептсиз кайрылышат. Мындай учурларда арзаныраак жана кеңири таралган дарыларды сунуштайбыз. Мисалы, Антигриппин бизде 206 сом, Проторгол тамчылары 50 сом, жөтөлгө каршы дарылар 19 сом. Дене табынын жогору болсо, парацетамол 15 сом же Ибуфен 218 сом, Нурофен сироптору 148 сом.
«Лекарь» дарыканасына келген кардарлардын бири Кочкор айылынын тургуну Ширин Өмүрбекова сасык тумоо сезонунда дары-дармекке канча сом короторун айтып берди:
«Мен төрт баланын энесимин, көпчүлүк учурда оорунун белгилери байкалып эле баштаганда участкалык дарыгерибизге кайрылууга шашам. Адистин текшерүүсүнөн кийин гана рецепт алып дарыканага барам. Орточо эсеп менен аптекага бир жолу барып дары алууда, болжол менен 500-600 сомдун тегерегинде болот. Балдарым кичинекей болгондуктан көп учурда «Ибуфен» сиробун 318 сомго, «Ринорус» мурунга тамчыларын 54 сомго, 206 сомго балдар үчүн «Китайский Антигриппин» алам».
Ал эми Бишкек шаарындагы Чүй жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Неман» дарыканасындагы ушул эле дарылардын баасын байкап көрдүк. Мисалы, «Парацетомол» дарысы 14 сом, «Протаргол» тамчылары 50 сом, «Китайский Антигриппин» 205 сом, Кыргызстанда чыккан » Антигриппин» 27 сом жана жөтөлгө каршы дарысы 17 сом.
Ошону менен Бишкекте сатылып жаткан 5 түр дары дармектердин баасы анчалык деле төмөн эместигин билдик, болгону 0.03 пайызды түзөрүн аныктадык.
Бүгүнкү сасык тумоо эпидемиясында Кочкор айылынын ҮДТ терапевт дарыгери Канымкүл Иманалиевадан бейтаптарга кандай дарыларды колдонуу жана ооруну алдын алуу кеңештерин алдык:
«Азыркы заманбап ата-энелер сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалганда эле дарыканага барып, жарнамадан көргөн кымбат дарыларды сатып алышат. Бирок ооруну алдын алууну билишпейт, акчасын көп коротпой, колдо бар нерселерди колдонсо болот демекмин. Аларды кабыл алууга келген сайын айтып турабыз.
Канымкүл Иманалиева жөнөкөй жана арзаныраак дарыларды колдонуу жолдорун айтып берип кетти. Мисалы: «Протаргол» тамчылары менен мурун көңдөйлөрүн жууп, лимон менен көп суйуктук ичүү жана дене табы 38 градуска чейин көтөрүлгөндө, организм вирус менен өз алдынча күрөшүп, ага чейин эч кандай дене табын басаңдатуучу дарыларды колдонбогонго аракет кылуу керегин айтты. Жөтөлгө фурацилинди эритип алып тамакты чайкоо эң натыйжалуу жолдордун бири деп кеңеш берди. Дарыгерге оору күчөп баратса сөзсүз кайрылыш керектигин эскертти жана өз алдынча дарылоо ден-соолукка зыян алып келерин тастыктады.
Нурия Карымбаева