Бүгүн, жер мунапысын жүргүзүү боюнча Нарын облусу боюнча эң биринчилерден болуп Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жарандарына, участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын » Жер-укуктук мамилелери жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Кочкор районуна жалпы 927 арыз кабыл алынган.
Көк-Жар айыл өкмөтүнөн 155 арыз боюнча коомдук билдирүүлөр бүткөндүктөн, Кочкор райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан 30 жаранга Курулуш долбоору түзүлүп, учурда КД (Конструктордук документация) негизинде жарандар» Кадастр» мекемесинин Кочкор филиалына арыз берип, бүгүн 27 декабрь күнү 23 жаранга мамлекеттик актылар, жер ээлерине берилди.
Бүгүнкү иш-чараны Кочкор райондук администрациясынын акими Эрмекбай Омошев кийинки сөз менен баштады:
«Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесинин негизинде «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койгондон баштап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер мунапысынын жүргүзүү жана комиссиясын түзүү тартибин, анын функцияларын, пайдалуунучулардын тизмесин түзүп, коомчулукка билдирүү иштерин аткардык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жер мунапысынын обьектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө кабыл алуу жол-жоболорун аныктап, бир топ иштерди аткардык, бүгүн Нарын облусу боюнча биринчилерден болуп Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жарандарына мамлекеттик актылар жер ээлерине тапшыруу күнү болуп жатат.
Көк-Жар айылынын тургуну Каналбек Бердибеков 2005 жылдан бери 10 сотых жер тилкесине документ ала албай жүргөнүн айтып кетти: «Мыйзамга ылайык Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан жерлерибизди трансформациядан өткөрүп, бүгүн мамлекеттик актыларды алганы жатабыз».
Ошондой эле, Талаа-Булак айыл өкмөтүнөн 80 арыз боюнча коомдук билдирүүлөр бүтүп, Курулуш долбоорун түзүүгө жөнөтүлдү. Ал эми кийинки берилген 33 арыз коомдук билдирүүгө жөнөтүлдү.
Ал эми Кочкор, Семиз-Бел, Ак-Кыя, Кум-Дөбө, Чолпон, Кош-Дөбө жана Кара-Суу айылдарынан келген арыздар комиссиянын кароосунда, тиешелүү мекемелерден корутундулар толукталууда.
Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Төрт этаж участкасындагы 20 га жер аянты боюнча «Кыргызреставрация» мамлекеттик ишканасына кат жолдонуп, тарыхый маданий объектилерди коргоо зонасын түзүү боюнча иштер жүрүүдө.
Нурия Карымбаева