Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактын өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында меценат, коомдук ишмер Мавлянова Махабаттын демөөрчүлүгү менен уюштурулган «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталышындагы акыл таймаштын, Көк-Жар айыл аймагында 2-этабы өткөрүлдү.
Акыл таймаштын жыйынтыгында 1-орунду Т. Кулатов айыл аймагына караштуу «Арык бою» атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылды. 2-орунду Төөлөс айыл аймагына караштуу Саид Баюми атындагы «Каракечит» орто мектебинин окуучулары алса, 3-орунду Бел айыл өкмөтүнө караштуу «Ой-Талаа» атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылды.
«Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу акыл таймашынын демөөрчүсү меценат, коомдук ишмер Мавлянова Махабат Эргешовна
Окуучулар саламдашуу учурунда
Таймаш учурундагы суроо жооп
1-орунду камсыз кылган окуучулардын тобу
Толгонай Исамова
«Бүгүнкү акыл таймашта окуучулар бир гана акыл жактан таймашпастан, көйгөйлөрдү чечүүнү, смета түзүүнү, долбоор жасаганды үйрөнүштү. Алдыңкы этапка салыштырмалуу ар бир топ, ар бир окуучу өтө катуу даярданып келишкен. Суроо жоопторго да так жооп берип жатышты. Окуучулардын алдыга умтулуусуна, кызыгуусун арттырууга, китеп окууга шыктандырууда көмөк көрсөткөн Махабат Мавлянова ыраазычылык билдиребиз», — деп билдирет «Арык бою» орто мектебинин директору Толгонай Исамова
Окуучулардын жасаган макети
Окуучулар жасаган макеттерин көрсөтүп жаткан учур
2-орунду камсыз кылган окуучулар
Айиса Матраимова Акыл таймаш оюнунун уюштуруу тобунун мүчөсү
Ноокат району боюнча 35 мектеп катышып, 2-турга өткөн 8 мектеп бүгүнкү финалдык турга катышып жатат. Акыл таймаштын 1-этабы Т.Кулатов, Төөлөс, Көк-Жар жана Бел айыл аймактарында өткөрүлдү. Таймашта 1-2-3-орунду алган мектептер 2-турга катышты. Акыл таймаштын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер берилди.
Окуучулар жасаган макеттерин көрсөтүп жатышат
3-орунду камсыз кылган окуучулар
Көчкөнбаева Жумагүл