«Санарип мугалим» долбооруна «Соң-Көл» орто мектебинин физика мугалими Роза Асыранкулова катышып, ардак грамота менен сыйланды.

Роза Асыранкулова «Санарип мугалим» долбоорунун катышуучусу
Нарын облусунун Кочкор районунун Төлөк айылындагы «Соң-Көл» орто мектебинин физика мугалими Роза Асыранкулова «Санарип мугалим» долбооруна катышып диплом жана ардак грамотага ээ болду.
Бул тууралуу Роза Асыранкулова буларга токтолду:
«2021-жылдын 27-мартында «Санарип мугалим» сынагы жыйынтыкталды. Ага республиканын бардык аймагынан 300дөн ашуун мугалим катышып, түштүк аймагынан катышкан мугалимдер Ош шаарында, түндүк жана Чүй аймагынан катышкан мугалимдер Бишкек шаарында Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педогокиялык колледжинде сыйланышты. Бул сынактын негизги: Жаш муунду тарбиялоонун татаал жолунда талыкпай эмгектенип келе жаткан жалпы мугалимдерге колдоо көрсөтүү, заманбап билим берүү технологияларын өздөштүрүү, кесиптик компетенциясын өнүктүрүү жана сапариптүү Кыргызстанды куруу. Сынакта өзүн көрсөткөн мугалимдер сыйлыктарга ээ болуп, даярдаган сабактары МугалимТВ каналынан көрсөтүлдү. Мен дагы эмгегимдин үзүрүн көрүп диплом жана ардак грамота менен сыйландым».

Республикалык сынактын диплому
Айпери Айбек кызы