Жаз алды менен Нарын районунун Куланак айылында сугат суу маселеси жаралат. Айыл тургундары 53 жыл мурда курулган насостук станциядан суу аз келип жатат деп билдиришсе, мунун себебин жергиликтүү бийлик сугат убагында элдин баары бир учурда чыгып алып, суу тартыштык маселеси жаралып жатканын билдирди. Бийлик өкүлдөрү быйылкы жылы айылга ГЭС курулуп, маселе чечилерин убада кылууда
Бир капталын Тянь-Шань тоосу, бир капталын Нарын дарыясы курчап турган Куланак айылы Нарын шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдын башкы жолу Нарын шаары менен Ак-Талаа районун байланыштырып турат.
1968-жылы коомдук ишмер, саясатчы Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен Куланак айылында 37 чакырым жерге суу жеткире турган насостук станция курулган. Насостук станцияга суу Нарын дарыясынан сордуруп алынып, дыйкандарга сугат суу берилет.


«Жылда суу тартыштык маселеси жаралат»
Айыл тургундары жылдан-жылга жаан-чачын аз жаап, суунун деңгээли төмөндөп, сугат суу тартыштыгы пайда боло баштаганын билдиришти.
Куланак айылынын тургуну Эсенбек Исмаилов төрөлгөндөн бери ушул айылда жашайт. Ал сугат суу үчүн айрым тургундар мушташканга чейин барып жаткышканына кейиди.

Кара сугат
«Союз убагында сугат суу талаш деген маселе жок болчу. Ал кезде бир айылды 10 эле сугатчы кезектешип сугарып койчу. Жазгы талаа иштери башталганда эле көпчүлүк эл бир учурда чыгып алышат. Анын баарына суу жетпейт. Мага жана балдарыма бөлүнгөн жерлер бар, анын баарынан эле түшүм жакшы боло бербейт», — деди ал.
Куланак айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Стам Райымбеков айылдагы насостук станциядан айрым жерлерге суу жетпей турганын билгиледи.
«Биздин үй-бүлөбүзгө бөлүнгөн жер жалпы 2 гектардан ашык. Сугат суу маселеси жок деп айтпайм, айрым жерлерде бар. Ал жерлерге станциядан суу жетпейт. Насос деле салынганына көп жыл болду. Азыркыга чейин иштейт. Айрым учурда бузулуп калат, кайра оңдошот», — деди Райымбеков

Суу тосуу үчүн темир заптирлер
«Үч айылды бир насостук станция сугат суу менен камсыз кылат»
Учкун айыл аймагынын башчысы Темирбек Мадылкановдун айтымында, жылдан-жылга сууга болгон тартыштык күчөп баратат:
«Үч айылга бир эле насостук станция болгондуктан, кээде суу жетпей калып жатат. Элге суу тартыштыштык болуп жатат деп деле түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Былтыркы жылы жер тоң кезде эле дыйкандар чыгып алып, суу бергиле дегенинен берсек, тоң эрий элек экен. Тоң болсо, суу жерге сиңбейт да! Ошондо биринчи сугатын сугарышты. Суу тартыш болуп калды. Суу бергиле деди, станцияда суу тартыш болсо биз эмне кылалы? Быйыл эми эптеп жеткиргенге аракет кылып жатабыз», — деди Мадылканов.
Ашар
Нарында сугат суу көйгөйүн жамаатташып, өздөрү чечкен айыл тургундары деле бар. Ага мисал Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагына караштуу Кеңеш айылынын тургундары Нарын дарыясынан айылга барчу каналга ашар жолу менен суу буруп алышкан. Алар бул ыкманы сугат суу маалы башталганда жыл сайын колдонушат.
«ГЭС курулса, суу тартыштыгы жоюлат»
Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Азат Турсунаалы уулу Нарын дарыясынын деңгээли ар кандай болуп жатканынан суунун тартыштыгы жаралып жатканын билдирди.
«Куланак айылы бизге карайт. Ал жакта, негизи, сугат суу тартыштыгы өтө деле көйгөй эмес. Болгону элдин ич ара пикир келишпестигинен суу тартыштык маселеси жарала берет. Быйылкы жылы 1-апрелге суу бергенге даярдадык. Бирок жер тоң болгондуктан 19-апрелде берилди. Насостук станция эски болгондуктан, сууну көп тарта албайт. Нарын суунун деңгээли да кээде азайып кетет», — деди ал.
Анын айтымында, быйылкы жылы Куланак аймагына ГЭС куруу пландалып, учурда иш башталуу алдында турат. Кубаттуулугу Ат-Башы ГЭСинен 2,5 эсе чоң 100 МегаВатт ГЭС курулат. Муну кыргызстандык “АРИОН” компаниясы каржылайт.
«ГЭСтин курулушу план боюнча 3 жылда бүтөт. Ал бүтсө, Ак-Талаа жакка чейин сугат суу жетет. Ошондо насостук станциянын дагы кажети жок болуп калат. Себеби ГЭС менен кошо Нарын дарыясынан сууну сордуруп ала турган өзүнчө станция да курулат. Анан канал аркылуу сугат суу айылдарга жетет», — дейт Турсунаалы уулу.
Суу чарба башкармалыгынын башчысы Нарын дарыясынын деңгээли былтыр 285 метр кубдан жогору болуп турса, быйылкы жылы 50 метр кубга түшүп кеткенин кошумчалады.
«Жаңы чыккан технологияларды колдонуп, жакшы түшүм алам»
Кыргызстанда жерди сугаруунун ар кандай ыкмасын пайдаланып, мол түшүм алган дыйкандар да бар. Алардын бири Ысык-Ата районунда 10 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келе жаткан Ырысбек Иманалиев. Ал 10 гектардан ашык жерин чачыратма техника менен сугарат.

Жер сугаруудагы жаңы технология
«Мен үч жыл мурун ушул техниканы чет мамлекеттен алдырткам. Муну биз «чачыратып сугарган техника» деп эле атап коёбуз. Бул техниканын эки түрү болот экен. Биринчисин мен мурда эле алдырткам, анда чоң бочкаларга сууну толтуруп алып трактор менен сугарам. Мисалы мен бул техниканы пайдаланганга чейин арыктан келген суу менен 10 гектар жеримди эки-үч күндө сугарып бүтчүмүн. Суу дагы аябай көп кетчү. Азыр болсо бул техника менен бир топ сууну үнөмдөйм жана убактым аз кетет. Бул техниканы пайдаланганда жер кыртышы дагы бузулбайт. Мурда мен жер сугаруу үчүн арык казчумун, азыр антип убара болбойм. Түшүм жакшы болот. Дыйкандар ушул ыкманы колдонушса эч өкүнбөйт», — дейт ал.

Чачыратып сугаруу
Ошондой эле, ал жерди чачыратып сугаргандын дагы башка ыкмасына токтолуп, ал дагы дыйкандар үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Чачыратып сугаруу
«Чачыратып сугарган башкача дагы техника бар. Ал насос аркылуу сууну топтоп, шланг менен чачыратып сугарат. Муну мен быйыл алып келип биринчи жолу колдонуп жатам. Ичке шлангды талаага эле таштап коём, анын башында сууну чачыраткан атайын чачыраткычы бар, ошол менен жер сугарыла берет. Муну күзүндө эле жыйнап коёбуз, жазында кайра талаага иштетебиз. Бул дагы суунун бир топ эле үнөмдөйт. Негизи бул система аркылуу айылдагы кайрак жерлерге жан берип, түшүм алып, өлкө үчүн салым кошсо болот», —деди Ырысбек Иманалиев.
«Жаңы чыккан технологияларды элге жарыя кылуу керек»
Айыл чарба адиси Алмазбек Сокеев сугат суу тартыштыгы бардык аймактарда бар экенин белгилеп, маселенин бир нече чечүү жолдоруна токтолду.
«Нарын районунда эле эмес, мындай маселе акыркы жылдары бардык аймактарда күчөдү. Насостук станциялардын дагы эскилиги жеткен. Бирок эми чекесинен кайра эл аралык уюмдардын жардамы менен жаңыланып келе жатат. Тоодогу мөңгүлөр эригенде сууну топтогонго Нарын районуна суу топтоочу жай курулат. Ал курулса, ошол топтолгон сууну эле сугат сууга пайдаланса болот. Башка райондорго дагы курулуу пландалып жатат», — дейт айыл чарба адиси.

Табигый чөп сугаты
Сокеевдин айтымында, жаңы технологияларды колдонуу менен да көйгөйдү чечсе болот.
«Түркияда жасап чыгарылган,дарыядан сууну сордуруп алып, чачыратып сугарчу техника бар. Сугарып бүткөндөн кийин шлангдарын жыйнап койсо болот. Аны менен 10 гектар жерди сугарса дагы болот. Муну өткөндө Ысык-Көлдө бир фермер алып келип колдонуп жатыптыр. Баасы дагы өтө кымбат эмес. Жөнөкөй тил менен айтканда, дыйкандардын акчасы жетет. Ошондой эле, тамчылатып сугарган техника да бар. Алгач чоң бочкаларга сууну толтуруп алып, ошондон шланг аркылуу тамчылатып сугарат. Бул оор жумушту деле талап кылбайт. Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен сугарганда суу ар бир өсүмдүктүн тамырына жетип, тигилген өсүмдүктүн катмарын жууп кетпейт. Бул ыкма каналдан келген суу менен сугарууга караганда бир топ эле жеңил. Муну Чүй облусунда колдонгондор бар», —деди ал.
Адис бул техникаларды көпчүлүк дыйкандар билбей жатканын, мамлекеттик телеканалдар аркылуу дыйкандарга жарыя кылып, маалымат жеткирүү керектигин кошумчалады.
Сугат суу тартыштыгы Нарын облусунун Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор райондорунда да бар.
Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, Нарын облусундагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 50 миң гектардан ашык. Анын 20 миң гектарына сугат суу жетпейт. 24 миң 700 гектар айдоо аянты Нарын районуна караса, анын 2 миң гектарга чукулу Куланак айылына тиешелүү.

Чөп талаасы
Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, 2020-жылы республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 1 миллион 223 гектардан ашык. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 8,3 миң гектарга көп.
Дилде Шатанова