2019-2020-окуу жылдарында «Соң-Көл» орто мектебинде алыскы Америкадан Коди Ариго аттуу ыктыярчы келип иштеген. КОВИД-19 илдети чыгып, тилекке каршы Коди Ариго мөөнөтүнөн мурда өз өлкөсүнө кайтууга муктаж болгон. Бирок быйыл жай айларында Коди Ариго кайрадан Төлөк айылына келип кеткен. Ошол иш сапарында мектептин мугалимдерине жолугуп, окуучуларга менден белек берип койгула деп 300 доллар акча каражатын тапшырып кеткен. Бүгүн аталган сумманын 9000 сомуна жардамга муктаж балдарга деп окуу куралдарды жана калган каражатына окуучулар, мугалимдер үчүн ар кандай жанрдагы китептерди мектептин англис тили мугалими Асел Шаршенбек кызы алып келип, мектеп жамааты менен биргеликте тапшырышты.

Коди Ариго 300 доллар акча каражатын тапшыруу учуру

Коди Аригонун аталган суммадагы акча каражаты

Балдар үчүн эң мыкты китептер алынып келинди

Ар түрдүү жанрдагы китептер

1-6-класстардын окуучулары үчүн окуу куралдар

7-11-класстын окуучулары үчүн окуу куралдар

Жалпы окуу куралдары 47 окуучуга таратылды

Белектерди мектеп жамааты менен биргеликте тапшырышты

Ар бир окуучу белектерди жылуу кабыл алышты

Жогорку класстын белек алган окуучулары

Коди Ариго окуучулар менен

Быйыл жайында келип сүйүктүү окуучулары менен жолугуп кеткен учур
Айпери Марлес кызы