Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы «Садык — Ата» балдар бакчасында жалпы 100 тарбиялануучулар билим алып, 28 адам жумуш орду менен камсыз болушкан. 2021-2022-окуу жылында балдарды бала бакчага кабыл алуу 15-сентябрдан башталып, ар бир тарбиялануучу медициналык кароодон өтүп келишкен.
Азыркы учурунда балдардын ден соолугу канааттандырарлык. Тарбиялануучулар пандемиянын шарттарына ылайык санитардык-гигиеналык абалды туура сактоого үйрөнүп, бала бакчада билим алышууда.
«Садык-Ата» балдар бакчасынын медайымы Уулкан Мүдүн кызы
«Эртең менен кабыл алуу учурунда атайын дежурга турган тарбиячылар балдарды тосуп алып, тиешелүү тайпаларга жеткиришет. Ар бир тайпанын тарбиячысы ар бир баланын дене табын ченеп, атайын журналга жазып турушат. Азыркы учурда балдардын ден-соолугу жакшы. Эгерде балада кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, мисалы, дене табы көтөрүлсө же жөтөлүп калса, бир жери ооруксунуп жатса, дароо ата-энеси менен байланышып сүйлөшүп турабыз. Балдарга ар бир тамактануу учурунда санитардык -гигиеналык абалды туура сактаганга үйрөтөбүз. Берилип жаткан тамактардын витаминдүү жана жеңил сиңимдүү болушу дайыма көзөмөлдө болот»,-дейт Уулкан Мүдүн кызы.
Бала бакчада ар бир бала колун самындап жууп, тамактанууга даярданышат
Жуунгандан кийин балдар колдорун атайын кол кургатуучу үйлөгүчтөргө кургатышат
Атайын бөлүнгөн бош убакыттын ичинде тарбиялануучулар аралыкты сактоо менен ар түрдүү оюндарды ойношот
Бала бакчада ата-энелер менен биргеликте таза абада оюндар уюшулуп турат
Тарбиячылар жеткинчектердин логикасын өстүрүү максатында интеллектуалдык оюндарды да көп уюштуруп турушат.
Оттук: Мектепте санитардык-гигиеналык эрежелер сакталууда
Акылай Алмазбекова