Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүндө малдар жайлоодон түшкөндөн бери дарылоо иштери башталды. Кой, эчкилерди купкалоо иштери колго алынып, жумуштар жыйынтыкталды.
Куланак айылындагы Терек — Суу коктусунда жайгашкан купкага жалпысынан 22 миң кой, эчкилер түшүрүлдү. Ал эми жалпы айыл өкмөттө 40 миң чамасындагы мал катталган.
Учурда жайыттарга чукул жерлерге дагы купкалар уюштурулган. Мисалга алсак, кээ бир короолор Учкун айылына салынды. Кээ бирлери Ат – Башы районуна караштуу Кара – Суу жана Кара -Булуң айылындагы купкаларга салынды. Себеби, малдын жайыттары ошол аймактарда дейт Куланак айылынын ветеринар адиси Айзада Токказиева.

Жайыттан түшкөн малдар
«Купкалоо иштери негизинен жаз, күз айлары жүргүзүлүп келет. Себеби, котур ылаңын алдын алуу үчүн кеңири колдонулган ыкма. Быйыл койлорду купкалоо үчүн дарыларды жайыт комитети камсыздап берди жана жеке ветеринар Улан Курманкожо жардам кылды. Ал эми быйылкы жылы койлорду купкалоо үчүн «индицидол» дарысы колдонулду. Мурунку жылдары кой башына 7 сомдон болсо быйылкы жылы 10 сомду түздү», — деди ветеринар.

Койлорду купкалоо процесси

Купкалоо — котур ылаңын алдын алуу үчүн жүргүзүлүп келет
Айыл тургуну Талантбек Орозакунов купкалоо үчүн түзүлгөн шарттарга ыраазы.

Талантбек Орозакунов
«Быйылкы жылы койлорду купкалоо үчүн жакшы шарттарды түзүп беришти. Аба – ырайы да жакшы болуп берди. Кээ бир жылдары чабандар өздөрү от жагып убара тартып, малды купкага салып алышчу. Быйылкы иштер абдан жакшы уюштурулгандыктан, малдарды убагы менен купкалап алдык».
Белгилей кетсек, учурда уйларды шарп ылаңынан алдын алуу үчүн вакцинациялоого даярдыктар көрүлө баштады.
Котур — кене пайда кылган жугуштуу ылаң. Котурдун козгогучу болгон кенеге жараша башка аталыштары да бар.
Териде пайда болушу: Жаныбардын терисинин бетинде тери тактары пайда болот. Кенелердин өнүгүшүнүн негизги шарты тери абасындагы нымдуулук болуп саналат. Нымдуулук канчалык жогору болсо, котур энзоотиясы ошончолук тез өнүгөт.
Жугуу жолдору: Тери жегичтер жаныбардын терисинин үстүндө жашайт, эпидермистин кабыгы менен азыктанат.
Инфекция көбүнчө дени сак жаныбарлардын оорулуу жаныбарлар же алар менен байланышкан нерселердин натыйжасында жугат.
Айзат Түмөнбаева