Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында техниканын начар абалынан улам таштанды чыгарууда көйгөйлөр жаралып келген. Бул маселени чечүү үчүн Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймактарына техникалар грант катары берилди. Бүгүнкү күндө Беларусь-82.1 үлгүсүндөгү трактор салтанаттуу түрдө тапшырылды.
“Таза-Кызмат” муниципалдык ишканасында буга чейин бир гана техника бар болчу. Аталган ишкана 2 күн иштесе, 3 күн бузулуп жаткан жалгыз техникадан кыйналып, долбоор жазышкан. Эми жаңы келген техниканын жардамы менен Каргалык жана Тогуз-Торо айыл аймагынын жашоочуларынын таштандыларын чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү дейт «Таза-Кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Берадор Мурзапайызов.
«Таза-Кызмат» 2014-жылы ачылган. Ошондон бери алгылыктуу иши жок болуп токтоп калган. 2014-жылы иш башталганда техникасы бар болчу. Мен 2020-жылы декабрда жетекчи болуп дайындалып, Газ 53 жана Газ 52 өткөзүп алгам. Экөө тең оң абалда эмес болчу, жеке жак менен сүйлөшүп май айына чейин иштеп келгенбиз. Май айында Тогуз-Торо райондук администрация башчысына кайрылуу жазып, Газ 53 Казарман фонду тарабынан каржыланып келет. Ленин жана Казарман айылын толук камсыз кыла албай жатканыбыздан эл сурана баштаган. Техника жетпей жатканынан ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Мунарбек Акматбеков менен биргеликте долбоор жазылып, жактырылып октябрда колго тийди».
«Таза кызмат» муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруу кызматын жакшыртуу максатында жана муниципалитет аралык кызматташтык келишиминин негизинде Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылына да кызмат көрсөтөт. Бул туурасында Өнүктүрүү саясат институтунун «Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог» долбоорунун Тогуз-Торо районундагы аймактык адиси Алтынай Женишова төмөнкүлөрдү билдирди.
«Аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында «Жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн практикалык диалог» долбоору тарабынан Беларус 82.1 үлгүсүндөгү трактор 2 млн 165 миң сомго каржыланып, айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 390 миң сомго өздүк салым катары прицеп алды. Муниципалитет аралык кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюп, Тогуз-Торо айыл аймагынын Ленин айылына да кызмат көрсөтүү сунушталып, мындай кызматташуу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселесин чечүүдө».
Анара Мааметова