Нарын облусунун Төлөк айылында жергиликтүү коомчулук Соң-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо көйгөйүнө көңүл буруу үчүн фестиваль уюштурулду.

Фестивальга келген коноктор
Фестивалдын максаты: Соң-Көлдүн экосистемасын сактоого жергиликтүү коомчулукту жана жаштарды тартуу, биологиялык ар түрдүүлүктүн, келгин канаттуулардын жашоо чөйрөсүнүн жоголуу көйгөйлөрүнө көңүл буруу, ошондой эле жергиликтүү тургундардын айлана-чөйрөнү коргоо үчүн экологиялык жоопкерчилигин жогорулатуу, анткени келгин канаттуулардын жана өсүмдүктөрдүн кээ бир түрлөрүнүн жок болушу биологиялык ар түрдүүлүктүн локалдык, улуттук жана глобалдык деңгээлде төмөндөшүнө коркунуч туудурат.

Фестивалга Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймактарынын активисттери, мектеп окуучулары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жайыт пайдалануучулардын коомчулугунун өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун, Нарын облусунун Кочкор райондук администрациясынын жетекчиси жана Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун жетекчиси жана кызматкерлери, эксперттер, Төлөк айылынын тургундары катышты.

Программада: «Көч-кеч» театралдык спектакли, флешмоб, «Жаратылышынын койнунда» балдардын сүрөт сынагы, сөз/кайрылуу — «Жаштар үнү», Сары-Булак районунун тургундарынын арасында салттуу экологиялык билимдер жана тажрыйбалар боюнча сынак, «Мен Жана Жаратылыш», концерттик программа болуп өттү.

Соң-Көл көлү жергиликтүү экосистеманы, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын тиричилигин колдо үчүн абдан маанилүү, анткени алар салттуу түрдө мал багуу үчүн жайкы жайыт катары пайдаланылат жана мал чарбасы негизги киреше булагы болуп эсептелет.
Бүгүнкү күндө Соң-Көлдүн көптөгөн аймактарында малдын санынын көзөмөлсүз көбөйүшү жана интенсивдүү колдонушу жайыттарды деградацияга алып келип жатат, мал ылаңдары жайылып, сууда сүзүүчү канаттууларга жана жапайы жаныбарларга коркунуч жаралууда.

Браконьерлик жана аңчылык кылуу, көзөмөлсүз туристтер, таштанды калдыктары табигый тең салмактуулуктун бузулушуна алып келип жатат.
Сейитказы Сагынбаев, КР Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий кызматкери: “Кызыл китеп – адамдын ишмердүүлүгүнүн таасири астында жаратылыштын абалынын көрсөткүчү. Канчалык көп жаныбарлар жана өсүмдүктөр жоголсо, адамзатка ошончолук коркунуч туулат. Кыргызстандын Кызыл китеби — өлкөдөгү сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан жаныбарлардын, канаттуулардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын тизмеси. Акыркы убакта глобалдык жашоону колдоонун маанилүү бөлүгү болгон бүтүндөй биологиялык жамааттар жок болуп баратат. Кыргызстандын Кызыл китебине өсүмдүктөрдүн 65 түрү, курт-кумурскалардын 18 түрү, балыктын 3 түрү, канаттуулардын 53 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 13 түрү жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 3 түрү киргизилген. Марал, илбирс, аюу, Марко Поло тоо койлору, богок жана тоо каздары ашыкча аңчылык кылгандыктан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын тизмесине кирген. Мисалы, тоо казы Соң-Көл менен Чатыр-Көлгө уя салчу. Кийинчерээк ал Соң-Көлдө келбей калган, анткени адамдардын жана климаттын өзгөрүшү экологияга терс таасирин тийгизгендиктен, бул каздардын уя салган аралдары жок болуп кеткен. Келгин канаттуулардын келиши жана көбөйүшү үчүн жагымдуу шарттар керек. Буга бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар өзгөчө көңүл буруп, канаттууларды, жапайы жаныбарларды сактоого кызыкдар болушу керек”.

Фестиваль CAG/Forum Civic уюмунун колдоосу менен “Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жана туруктуу жашоо каражаттарын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Фестивальдын перформансын «Кербез» фольклордук тобунун жетекчиси Дастан Биримкулов иштеп чыгып, мектеп окуучулары, маданият кызматкерлери, топтун мүчөлөрү менен биргеликте сахналаштырып эл алдына алып чыгышты.

Фестивальга Сары_Булак айыл аймагын башчысы каржылык жактан колдоо көрсөтүп, келген меймандарга бул маселе боюнча толук иштеп жатканын кабарлады.
Бурул Майрамбек кызы