Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды жана жаш энелерди санариптик колдоо үчүн түзүлгөн «ЭММА» мобилдик тиркемеси сунушталды. Эми кыргыз тилинде жеткиликтүү болгон тиркеме Кыргызстанды кошо алганда 193 өлкөдөгү колдонуучулар үчүн акысыз.

«ЭММА» — бул кош бойлуулуктун календары гана эмес, аялдарды кош бойлуулуктун алгачкы жумаларынан баштап төрөттөн кийинки мезгилге чейин коштоп жүрүүчү толук кандуу санариптик жардамчы. Тиркеме 460тан ашык илимий негизделген макалаларга, дарыгерлердин жеке консультацияларына, жолугушуулар жана дары-дармектер жөнүндө эскертүүлөргө, ошондой эле тамактануу, физикалык жана психоэмоционалдык ден соолук боюнча сунуштарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Адаптациялоодо Кыргызстандын аялдарынын муктаждыктарына жооп берүү үчүн маданий жана тилдик жеткиликтүүлүккө өзгөчө көңүл бурулган. «ЭММА» аялдарга жеке кош бойлуулук календарын, юридикалык маалыматты жана ден соолук боюнча кеңештерди берүү менен өздөрүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет. Алыскы аймактарда медициналык кызматтарга жетүү чектелген шарттарда, тиркеме билимдин ишенимдүү булагы болуп калат, айрыкча Кыргызстанда чоңдордун 95%дан ашыгы мобилдик телефонго жана интернетке ээ экендигин эске алганда. Тиркемени Кыргызстанга ылайыкташтыруу БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңсеси жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө жүргүзүлдү. Бул өлкөнүн маданий, тилдик жана юридикалык өзгөчөлүктөрүн эске алууга мүмкүндүк берип, «ЭММАны» энелердин ден соолугун чыңдоо жана БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоорунун алкагында энелердин өлүмүн азайтуу үчүн натыйжалуу курал кылды.

«ЭММА» тиркемеси дүйнө жүзү боюнча колдонуучулар үчүн App Store жана Google Play аркылуу акысыз жеткиликтүү. Ал буга чейин 193 өлкөдөгү аялдарга колдоо көрсөтүп келген жана эми Кыргызстандагы камтууну кеңейтүүгө, медициналык коомчулук жана репродуктивдүү курактагы аялдар менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган. «ЭММА» — бул Кыргызстандагы санариптик теңдикке жана энелерге жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга карай кадам, ар бир аялга ишенимдүү маалыматка жана колдоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. 📱 App Store: https://apps.apple.com/…/amma-pregnancy…/id990178211
📱 Google Play: https://play.google.com/store/apps/details…
Айгерим Кубатбекова