Айтылуу Соң-Көл жайлоосунда 12-август күнү «Менин Соң-Көлүм» аталышындагы экологиялык максаттагы фестиваль өткөрүлдү. Фестивалдын шартында ар бир чабандарга жайлоону сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, театрлаштырылган чакан оюн менен коштолду. Андан сырткары көргөзмө уюштурулуп, аталган жайлоодогу корукка алынган чөптөр,канаттуулар,балыктар тууралуу маалыматтар айтылды. Фестивалды ИСУР коомдук фонду, Каратал-Жапырык коругу,Чолпон айыл өкмөтү, Чолпон айылдык жайыт комитети биргеликте уюштурушкан.
Бурул Майрамбек кызы