Сиз учур менен жашабай эле, жакынкы күндөрү келе турчу жашоого даярданып жатканыңызды кантип билсе болот? “Балдар чоңойгондо ал ишти баштайм, арыктаганда жаңы кийим сатып алам, кредитти төлөп бүткөндөн кийин эс алууга чыгам, үйдү салып бүткөндөн кийин муну кылам”- бул сөздөр сизге дагы таанышпы? Кийинкиге калтырган жошоо канчалык коркунучтуу жана андан кантип арылуу керектигин алдыда айтып беребиз.
Кечиккен жашоо синдрому – бул адам азыр али чыныгы жашоодо жашабай эле ага даярданып, шарт түзүп жатам деп эсептеген жашоо сценарийлеринин жыйындысы. Ал өзүнүн азыркы жашоосун дагы бир маанилүү нерсенин эскизи, долбоору катары гана кабыл алат. Ал эми чыныгы жашоо ал үчүн маанилүү окуя болгондон кийин “кийин” башталат: ажырашкандан кийин, арыктаганда, көп акча тапканда, көчүп келгенде, кредитти төлөгөндө, үйлөнгөндөн же турмушка чыккандан кийин ушул сыяктуу.
Эң кеңири тараган түрү бул ипотека же кредит алууга байланыштуу. Ошондой эле ата-энелер балдарына карата мындай план түзүп алышат “балам бала бакчага барып баштаганда, андан кийин мектеп, жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин жана башка. Ал эми жетекчи же бизнес ээлери кечиктирилген жашоону “директордун оорус” менен көрүнөт. Алар жашоодогу маанилүү окуяларды же иш аракеттерди эс алуу, мамиле куруу, үй сатып алуу, үй-бүлө курууну компанияны кеңейткенден кийин, ири келишимге кол койгон соң деп жашашат.
Кечиккен жашоо синдромунун белгилери:
Адам ар дайым кандайдыр бир окуяны же керектүү учурду күтүү менен жашайт. Бир нерсени баштоо үчүн дайыма бир нерсе жетишпейт. Кийинкиге деп акчаны же башка нерселерди “на черный день” топтоо дагы кийинкиге калтырылган жашоонун белгиси.
Учурдагы нерсе кубаныч тартуулабайт. Эгер бир нерсеге жетишсе дароо балаанбай баштайт.
Кечиккен жашоо синдрому бар адамдар көбүнчө өздөрүн башкалар менен салыштырышат. Ар дайым өзүнөн башкалар жакшы жашаган, акылдуураак, жакшыраак, акчасы көп, балдары акылдуу болот. Мындай адамдар өз тандоосунун тууралыгына дайыма шектенип турушат. Мисалы, жашоо жолу, өнөктөшү, жумушу, хоббиси.
Кечиккен жашоо синдромунун себептери түрдүү болушу мүмкүн. Бул жашаган аймакка дагы жараша болот. Бирок, көп учурда кичинекей кезден балага үй-бүлөнүн таасири чоң. Мисалы: “окуу бүткөндөн кийин өзүң акча таап баштайсың ошондо каалаганыңды кыл, чоңойгондо аны кылсаң болот, үй-бүлө кургандан киийн өз эрежелериңди коесуң”-деген сөздөр балага өзү каалагандай, көңүлүнө жаккан жашоо кийин болорун ал үчүн аракет кылып, чыдаш керек экенин белгилеп турат. Мунун жакшы жагы да бар. Бала дициплинага көнөт, максат коюп ага жете билүүнү үйрөнөт, жакшы адис болуп чыкканга жардам берет. Бирок, бул аракеттердин чегин эч ким так көрсөтпөйт качан ошол убактан, ийгиликтен ырахатын сезүүнү. Ошентип, кечиктирилген жашоо синдрому билим алгандан киийн дагы жумушка кирүү үчүн билимим жетишсиз деп ойлоп алат же жумуштан дагы өмүр боюу карьералык тепкичтин барын басып өтүшөт. Же бул кийин өнөктөш тандоодо дагы кедергисин тийгизип, өзүн татыксызмын деп ойлоп эч качан өзүнө ыраазы болбой жүрө берет.
Кечиктирилген жашоо синдрому неврозго алып келиши мүмкүн
Адам өзүнүн пландарын жылдар бою ишке ашырбай, актуалдуу маселелерди чечүүнү белгилүү бир окуя болгонго чейин кийинкиге калтырганда пайда болгон. Кайсы бир учурда ал көп убакыт жоголуп кеткенин, кыялын ишке ашырууга ансыз да алсыз экенин же кыялы актуалдуу болбой калганын байкайт. Ошондо топтолгон көйгөйлөрдүн жүгү психикалык жана физикалык ден соолуктун бузулушуна алып келет; адам чечимдерди кабыл алуу, кыйынчылыктар менен күрөшүү жана өз жашоосун башкаруу жөндөмүнө ишенимин жоготот.
Кыялдардын, идеялардын, максаттардын болушунун өзү көйгөй эмес. Бул тескерисинче аракет кылууга, активдүү болууга жардам берет. Бирок кечиктирилген жашоо синдрому бар адамдын максаттары көбүнчө ал жашап жаткан чындыктан ажырайт. Мындай адам максатка жетүү процессине толугу менен сиңип, ага жеткенде анын бардык көйгөйлөрү өзүнөн-өзү чечилет деген идеалдуу күтүү менен өтөт.
Албетте баардык адамдар түрдүү көйгөйлөргө туш болот. Адатта нормалдуу учур адам аны чечүүгө умутлуусу. Ал эми кийинкиге калтырылган жашоо неврозунда ал актуалдуу маселелерди чечүүгө көңүл бурбай жүрө берет. Чечилбеген маселелер толуп кеткенде невротикалык бузулуу пайда болушу мүмкүн.
Кантип кечиктирилген жашоо синдромунан арылса болот?
Эң негизгиси баштоо керек. Эгер баштабай жатсаңыз анда чындап, каалабайсыз же кереги жок.
Айгерим Кубатбекова