2022-2023-күз-кыш мезгилине райондун экономика тармактарын, калкын электр энергиясы, көмүр отуну менен камсыз кылуу, күзгү-кышкы от жагуу мезгилине даярдыктарды көрүү максатында айыл өкмөт башчыларына тапшырмалар берилип, аткарылышы көзөмөлгө алынууда. Тактап айтканда Кара-Кече көмүр бассейнинен райондогу айрым айыл өкмөттөрдөгү бюджеттик мекемелерге 10-августтан баштап көмүр отуну тартыла баштады.
Көмүр отуну Кара-Кече көмүр бассейнинен тартылууда
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Улан Жылтыровдун маалыматына караганда боюнча 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата жалпы 18 976 тонна көмүр керектелет.
Бюджеттик мекемелер 2132 тн. көмүр отунун керектейт
“Анын ичинен жергиликтүү бюжетке 2132 тонна, бюджеттик мекемелерге 444 тонна, элге 16400 тонна көмүр керектелет. Бүгүнкү күнгө карата жалпы 372 тонна көмүр отуну тартылды. Ак-Тал айыл өкмөтүнө 117 тонна, Үгүт айыл өкмөтүнө 151 тонна, Кызыл-Белес айыл өкмөтүнө 104 тонна көмүр отуну түшүрүлдү. Мындан башка Көк-Жар, жана Жаңы-Талап айыл өкмөттөрүнө жакын арада тартыла баштайт.
Барчын Мамытбекова