40-50 жыл мурун курулган убактылуу дааратканалар
Окуучулар мектептердеги дааратканага айла жоктон барарын, кол жуучу жайдын жоктугун айтып нааразы. Себеби өлкөнүн аймактарындагы дээрлик көпчүлүк мектептерде 40-50 жыл мурун курулган дааратканаларды колдонушат. Алардын абалы кандай экени кызыкпы? kyrgyzmedia.kg сайты ар кайсы аймактагы мектептердин дааратканасын сиздерге көрсөтүп берет.
Талкаланган, жарактан чыккан мектеп дааратканалары автор: Жамааттык Медиа
Практикада жок талаптар
Сүрөттөгү мектеп дааратканалары атайын санитариялык нормага жана андан башка коюлган бир дагы талапка жооп бербейт. Анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 «Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 147-пунктунда мындай деп көрсөтүлөт:
Бул талаптар мектептин сыртында жайгашкан дааратканалар үчүн экенин белгилейбиз. Мындай сырткы, чуңкурлуу дааратканаларды курууга жалпы билим берүү уюмунун имараты суу менен камсыздалбаган учурда гана уруксат берилет. Бирок, кээ бир мектеп имараттары суу менен камсыз болгондон кийин деле азыркы учурга чейин сырткы дааратканаларды колдонуп келишет.
Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобо автор: Жамааттык Медиа
Биз баш баккан аймактардагы мектеп дааратканалары жогорудагы атайын коюлган талаптардын эч бирине ылайык келбейт. Ушул күнгө чейин мектеп окуучулары жарыктандыруусу жок, урап, өңүнөн кеткен, тазалык каралбаган, кол жуучу жайы жок дааратканаларды айласыздан колдонуп келишет.
Андан сырткары, мектепте балдар арасындагы актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон рэкетчилик да окуу жайдын дааратканасын байырлап, дубалдарын алып түшүп, талкаланууга чейин жеткирген.
Баткен облусу, Лейлек району автор: Жамааттык Медиа
Буга кошумча дааратканалардын санитардык абалын атайын тейлөөчү персонал камсыздайт деген талап бар. Бирок байкагандай бул дааратканалар бир нече убакытта бир жолу гана шыпырылып турарын көрсөк болот.
Жугуштуу оорулардын жайылышына шарт
Адистердин айтымында адам ден соолугунун начарлашынын 20% санитардык нормалардан көз каранды болот. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Сагын Уезбаев kyrgyzmedia.kg ге берген маегинде санитардык талаптарга ылайык келбеген дааратканалар бир нече жугуштуу ичеги-карын жана мите курт ооруларынын жайылышына шарт түзөт деп билдирген.
Өз алдынча аракет
Жарактан чыккан мектеп дааратканалары ата-энелерди да ойлондуруп, балдарынын ден соолугуна тынчсыздануу жаратып келет. Чүй облусундагы Жаңы-Жер 2 толук эмес орто мектебиндеги даараткананын эскилиги жеткендигине байланыштууу ата-энелер демөөрчү издешкен. Ошентип айыл тургуну Шамил Исмаилов өз каражатынан мектепке жаңы даараткана куруу үчүн демөөрчүлүк кылган.
Чүй облусу, Жаңы-Жер айылы автор: Жамааттык Медиа
Улуттук статистика комитетинин маалыматында жыл сайын өлкөдө окуучулардын саны өсүүдө. Демек жыл сайын жарактан чыккан дааратканаларды колдонгондордун саны да өсөт, ошол себептүү өлкөдөгү бардык билим берүү уюмдарындагы жарактан чыккан, адам өмүрүнө кооптуу делген жайларды талаптагыдай куруу керек.
Зыйнат Самар кызы