1-августан тарта Кара-Кеченин көмүрү калкка жана бюджеттик мекемелерге көмүр ташылып баштады. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы жарандарды азыртан баштап көмүр сатып алууга чакырат. Бирирчи кар түшкөнчө күтүп жүрө берсеңиз суроо талап көп болуп көмүрдүн баасы 2-3 эсе жогору болуп кетет.
“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов үйдү жылытууда электр энергиясы, газ колдонулганына карабастан көмүр керектөөчүлөр жыл санап өсүп, суроо талап жогору экенин белгилейт. Кыргызкөмүр ишканасында манополияга каршы кызмат коюп берген баа менен өз баасы 1 тонна 1450 сом турат аны ортомчулар ташып келип топ базага алып келгенде 4000сомдон сатыш керек. Аймактардын алыстыгына жараша бул баа бир аз өзгөрүшү мүмкүн:
“Бизде кызыл кулактар бар экен. Ортомчулар чыгашаны эсептеп койгон баадан сырткары дагы үстүнө кошуп салып жатышат. Бул мекенчилдикке жатпайт. Кайра эле ошол көмүр керектөөчүлөр карапайып калк ортомчулардын жакындары да. Андыктан кудайга шүгүр келтирип бааны өтө көтөрбөөгө чакырат элем. Көмүр керектөөчүлөр дагы ортомчуларга жакшы шарт түзүп кар жааганда алып баштабай азыртан сатып алып баштаса кийин унаалар жетишсиздиги, кезек күтүү сыяктуу көйгөйлөр жаралбайт эле.”
Көмүрдү топ базалардан алган жакшы (көмүр кампаларынан)
— Бизде айрым учурларда унаанын үстүнөн эле кичине арзаныраак баада сатып салып кетип калышат андан кийин ал машинаны таппай каласың. Андыктан сатып алып жатканда көмүр кампаларына барып алган жакшы эгер сапаты начар болуп калса кайра алмаштырып алганга мүмкүн.
Быйыл Казакстандын көмүрү келбей калышы мүмкүн…
— Казаксан чет өлкөгө жүк ташуучу унаалар менен көмүр экспортоону токтотту. Эми темир жол аркылуу гана жүргүзмөй болуп турушат. Андан сырткары казакстандын өзүндө көмүрдүн баасы 20-30% кымбаттады. Ошондой эле алардагы көмүр ишканалар Европага экспорттогону жатышат ал жакта баа жогоруу. Андыктан быйыл кышында Казакстандын көмүрү тартыш болуп калышы мүмкүн муну . Быйыл ата мекендик гана көмүр менен кыштан чыгууну пландап жатабыз.
Айгерим Кубатбекова