Төлөк айылындагы жаштардын көбү жумуш издеп шаарга кетишкен. Бирок КОВИД-19 илдетинин кесепетинен айылга кайтып келгендери да бар. Ал эми айрым жаштар шаарга баруудан баш тартышып, айыл түйшүгү менен алектенишүүдө.
Айыл тургуну Таалайбек Өзүбеков айылдагы ойлоп табуучу жаштардын бири. Ал бир нече айыл жумуштарына жарай турган шаймандарды ойлоп тапкан. Ал шаймандарды кантип жасагандыгы жөнүндө маектешкенде төмөндөгүлөрдү билдирди:
Тааалайбек Өзүбеков алгач чөп чапкан трактор ойлоп тапкан
Жайкы пандемия учурунда курулуш иштерин жеңилдетүү үчүн баткак чылаган шайман ойлоп тапкан. Андан сырткары бетон аралаштыруучу шайман жасап, көп иштерин жеңилдеткен.
Чыңгыз кызы Мадина