«Соң-Көл» орто мектебинде 9-декабрь күнү «Улуттук адабият» күнүнө карата акыл ордо оюну болуп өттү. Сынакта Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө суроолор түзүлүп, 3 тур менен өттү, жалпы 10 окуучу күч сынашты. Бул сынакка 8-9-10-11-класстын окуучулары катыша алды.

1-тур ачык тест түрүндө болду

Упайлар калыстар тобу аркылуу бааланып жатты

1-турдан 2-турга 6 окуучу өттү

2-турда окуучулар сүрөттөр менен иштешти

Калыстар тобу ар бир ишти кылдаттык менен текшеришти

Финалга 4 окуучу чыкты

Финалдык турда kаhoot программасы менен жеңүүчүлөр аныкталды

Жыйынтыгында 1 окуучу жеңүүчү аныкталды

Жеңүүчү деп 11-класстын окуучусу Алина Талантбек кызы табылды

Уюштуруучу кыргыз тили жана адабият мугалими Бурул Майрамбек кызы
Айпери Марлес кызы