Камбаралы Бобуловдун 85 жылдыгына карата «Эне тил барда мен бармын, эне тил менен Камбармын» аттуу иш-чара болуп өттү. Мында Т.Айбашев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мактым Мадалиева «Мыкты сценарийдин автору» диплому жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйланды.
Т.Айбашев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Мактым Мадалиева:
«Камбаралы Бобуловдун 85 жылдыгына арналган иш- чара Ноокат районунда белгиленди. Иш- чара сынак болуп өткөрүлдү. Окуучуларга көркөм айтуу, сүрөт таймашы өткөрүлсө, ал эми мугалимдерге «Мыкты адабий сценарий», «Мыкты сабак иштелме» таймашы болду. А мен сценарийди жазгым келип, ошонун үстүнөн иштедим.
Сценарийди жазуу оңойго турган жок. Маалымат аз болгондуктан китептерден, интернет булактарынан издедим. Камбаралы Бобуловдун карындашы Каныкей Бобуловадан маалымат алып, 3 күндүн ичиде жазганга аракет кылдым. Жалпы сценарий боюнча 6 мугалим катышты. Ошолордун ичинен сыйлыкка татыктуу болдум деп ойлойм.»
Иш чарага активдүү катышкан Каныкей Көчкөнбаева:
«Мен Т.Айбашев атындагы орто мектебинде 8-классында окуймун.Камбарлы Бобуловдун 85 жылдыгына арналган иш чарага көркөм айтуу сынагына катыштым. Аймактык турунан өтүп, райондук турган мүмкүнчүлүк алдым. Активдүү катышкандыгым үчүн диплом менен сыйландым.»
Чынара Көчкөнбаева