Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен райондук мектептердин химия жана биология предметтеринин мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү. Семинарга Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Исакова, усулчу Роза Томотоева жана химия, биология сабактарынын мугалимдери катышышты.
«Бүгүнкү семинар окуучулардын билим деңгээлин көтөрүүдө жана ЖРТга даярдоодо ар түрдүү деңгээлдеги, продуктивдүү, конструктивдүү тапшырмаларды түзүү боюнча өткөрүлүп жатат. Катышуучулар үчүн пайдалуу болуп жатат. Мындай семинарларды өткөрүп туруу жакшы натыйжасын берет деп ойлойм»,- дейт Гүлбарчын Беймажановна.

Семинардын жүрүшү
Семинар эки бөлүмдөн турду. Теориялык бөлүмүндө мектебибиздин химия сабагынын мугалими Айнур Малабаева суроолордун бөлүнүштөрү тууралуу кенен маалымат берди. Сабакты бышыктоодо окуучуларга продуктивдүү жана креативдүү деңгээлдеги тапшырмалар жана суроолорду түзүү окуучулардын билимин өнүктүрүүдө жакшы натыйжа бере тургандыгы тууралуу баса белгиленди.
А.Жутакеев атындагы орто мектебинин химия сабагынын мугалими, райондук секция жетекчиси Аида Карыпбаева ушул багыттагы тапшырмалар жана суроолорго окуучуларды дайыма түзүп иштетүү менен ЖРТга даярдоодо жакшы натыйжа боло тургандыгын баса белгиледи жана өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, ар түрдүү деңгээлдеги суроолорду сунуштады.

Аида Карыпбаева
Аида Карыпбаева: «Азыркы биздин негизги максатыбыз, билимдүү, алган билимин ар кандай кырдаалда пайдалана билген окуучуларды тарбиялоо. Ошондой эле окуучуларды тарбиялоо үчүн мен көп нерсе ала алдым. Бул мектептин мугалими Малабаева Айнура эжейден жакшы көп нерсени үйрөндүк. Ар түрдүү тесттерди түзүүнүн жолдорун бизге көрсөтүп берди. Учурдун талабына ылайык келген тесттерди түзүү боюнча кенен маалымат ала алдым. Келгениме аябай сүйүнүп отурам.
Мектептин жамаатына ийгилик, Айнур эжеге чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Бул мектептен мыкты-мыкты окуучулардын чыкканын көрүп жүрөбүз. Дагы да ошондой окуучулар менен сыймыктанып, мектебиңерге дайыма жакшы нерселерге гана келип туралык. Ийгиликтер ар дайым силердин мектебиңерди коштосун».
Ж. Иманалиев атындагы орто мектебинин биология жана химия сабагынын мугалими райондук секция жетекчиси Элмира Жумаева биология предмети боюнча ар түрдүү деңгээлдеги суроолорду талкуулады.

Элмира Жумаева
Элмира Жумаева: «Менин иш стажым 30 жылдан ашты. Бүгүн келгениме эч качан өкүнбөйм. Мындай семинарлар өтө сейрек кездешет. Айнур Малабаева эң тажрыйбалуу мугалим деп билем. Ал балдар менен кандай кылып суроо түзүп, анан алардан кантип жоопту алуунун жолдорун, ыкмаларын, технологияларын үйрөттү. Балдар менен кандай аңгемелешүү керек, сабакка кантип кызыктыруу боюнча өз ою менен бөлүштү.»

Семинардын практикалык бөлүмү
Экинчи бөлүмүндө алынган маалыматтарга таянып, тапшырмаларды жана тесттик суроолорду катышуучулар түзүп, иштешти. Семинар интерактивдүү ыкмалар менен түзүлгөндүктөн, катышуучулар топтордо иштеп, кызуу талкууларды жүргүзө алышты.
Наиля Жанарбек кызы, Эркеайым Замирбек кызы