Казан — Куйган жана Оттук айыл аймактарында кыз — келиндерге БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык- түлүк программасы боюнча бекер окуулар уюштурулду. Казан -Куйган аймагында кыз- келиндер ветеринария боюнча үч күн окушса, Оттук аймагында кол өнөрчүлүк боюнча 8 сааттан 14 күн окушту.
Казан-Куйган айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Мамбеткулов
«Жакында эле айылда бош жүргөн калктын аялуу катмарына БУУ азы- түлүк программасы боюнча жана Нарындын социалдык башкармалык департаментинен атайын окуу уюшулган. Бул окуу негизинен жайыт комитети менен социалдык кызматкеринин чогу биргеликте ынтымакта иш алып баргандыгынын натыйжасында болду.
Себеби, Солтон — Сары жайлоосунда мал дарылоочу атайын раскол курулуп жаткан. Бизге жумушчу күч талап болгондуктан айылда жумушсуз аз камсыз болгон адамдарды атайын окуудан өткөрүп, жумуш менен камсыз кылуу максатын көздөдүк. Ошонун натыйжасында ветеринария боюнча үч күн окуу болуп өттү. Кыз-келиндерди окуу менен гана чектебестен, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы азык- түлүк менен камсыз кылышты. Бардыгы негизинен 3 тонна ун 250 литр суу май алынып келип, окуудан өткөн баардык аялдарга бөлүнүп берилди.
Натыйжасында биз расколубузду даярдап ала алдык»,- дейт Чыңгыз Мамбеткулов.
Оттук айылынын айыл башчысы Самарбек Асылбеков
Ал эми Оттук айылынын айыл башчысы Самарбек Асылбеков төмөнкүлөргө токтолду:
«БУУнун азык -түлүк программасы боюнча уюшулган окууга Оттук айылынан 30 айым катышып, билим алышты. Алар бул кыска убакыттын ичинде түймө түйүү боюнча көндүмдөргө ээ болушту. Буга чейин деле ушундай долбоорлордун алкагында окуутулар болуп келген. Мисалы, ветеринария, жашылдандыруу ж.б. Окуунун соңунда айымдарга эч кандай сертификаттар, грамоталар берилген жок анын ордуна ар бирөөнө 150 кг ун жана 15 л суу май берилди «.
Гүлнар Усубалиева Казан -Куйган айыл аймагынын Нарын райондук аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкери
Казан -Куйган айыл аймагынын Нарын райондук аралык эмгек жана социалдык өнүгуу башкармалыгынын социалдык кызматкери Гулнар Усубалиева окуу убагында пандемияга каршы сактануулар тууралуу мындай деди:
«Окуу убагында ар бир аялда бирден маска жана антисептик болду. Окуу жүрүп жаткан учурда эч ким бет кабын чечкен жок жана аралыкты сактап отурушту.»
Окуу учурунда түйүлгөн кийимдер
Кыз-келиндер түймө түйүү боюнча үйрөнүп жаткан учур
Айзат Жааншанова Оттук айылынын тургуну
Оттук айылынын тургуну 14 күндүк түймө боюнча окууда билим алган Айзат Жааншанова окуу кандай болгондугу тууралуу өз оюн билдирди:
«Окуу абдан сонун болду. Мен өз алдынча түймө түйгөндү үйрөндүм. Азыркы тапта жолдошума, кызыма жана туугандарыма байпак түйүп жатам. Окуу учурунда пандемияга каршы сактануулар болуп жатты. Окуу учурунда эч кимибиз бет кабыбызды чечкен жокпуз жана колду жугушсуздандыруучу каражаттарды бат- баттан колдонуп жаттык.»
Акбермет Руслан кызы