«Соң-Көл» орто мектебинде 10-декабрь күнү «Ч.Айтматовдун каармандары сахнада» аттуу сабак-сахна өткөрүлдү. Сабакты кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова уюштурду. Окуучулардын аткаруу чеберчиликтери катышкан мугалимдер тарабынан бааланды.
Мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова айрым окуучулардын аткаруу чеберчиликтери мыкты экенин баса белгиледи:
«Мен мектепте бир нече жылдан бери эмгектенип келем. Ар бир жылдын окуучулары ар башкача болот. Кээде аябай таланттуу балдар окуп-тарбияланышат, алардын алды актер, актриса да болушту. Ал эми бүгүн 8-класс жана 11-класстын окуучулары менен биргеликте чакан сахна-сабак уюштурдук эле, жаман болгон жок, жакшы аткарышты, бирок бир аз уялчаак окуучулар да болот экен. Негизи эле мектепте бул жума «Адабият жумалыгы» өткөрүлүп жатат, окуучулар бардык иш-чарага активдүү катышууда.»

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тамара Бакирова

8б-класстын таланттуу окуучулары
Бүгүнкү сахна-сабакта 8б-класстын окуучулары Совет бийлиги кезиндеги агартуу иштеринин башталышын чагылдырган Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасын чеберчилик менен аткарышты. Айрыкча кыз болсо да Дүйшөн агайдын ролун келиштире аткарган Адила Арслан кызы мугалимдер тарабынан жакшы баага татыктуу болду. Адила өзү да бул ролду ийне-жибине чейин мыкты аткарганына ишенет.

Адила Арслан кызы Дүйшөн агайдын ролун аткарганы жакканын белгилейт
Ал эми 11-класстын окуучулары азыркы учурда кыргыз адабияты сабагынан Ч.Айтматовдун «Делбирим» чыгармасын окуп жаткандыктан, ага абдан таасирленишип, ал чыгарманы сахналаштырууну эп көрүшкөн. Алардын айтымында чыгарманын бул эпизодду абдан жагып, классаштар кеңешип роль жаратууну оңой ойлошкон. Ошондуктан, каармандарды аткарууда окуучулар арасында да кыйынчылык туудурган эмес. Жалпы класс бул сабак-сахнаны даярдоодо абдан ынтымактуу иштешкен.

Ильяздын ролун Малик Абдымамытов мыкты аткарган
«Балдардын ар бир каарманга сүңгүп кирип, аны жакындан тааныганы аткарган ролдорунан билинип турду. Бүгүнкү сабак-сахнаны уюштурган Тамара Бакирова окуучулардын да жаш өзгөчөлүгүнө карап даярдагандай туюлуп жатты. Өзгөчө 11-класстын окуучулары бул чыгарманы мыкты окушканы билинип турду.
Деги эле бир жумадан бери жакшы иш-чаралар уюштурулуп келе жатат, алардын ар биринин өзгөчөлүгү бар, бул өзгөчөлүктөр мугалимдин фантазиясына жараша болот экен. Бири-бирине окшобогон сабактар өтүлүүдө»,-дейт окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Адылбек Назаров.

Окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Адылбек Назаров
«Улуттук адабият» күнүндө «Акыл ордо» оюну уюштурулду
Элеттик мугалим «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйланды
Айпери Марлес кызы