Нарын районуна караштуу Учкун айылынын, Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинде «Адабият адамды эң асыл сапаттарга тарбиялайт» темасындагы адабий кечээ уюштурулду. Иш-чарага айыл тургундары, мектеп окуучулары жана мугалимдер катышышты. Адабий кечээ бүтүрүүчү класстар тарабынан уюштурулду.

«Адабият — адамды эң асыл сапаттарга тарбиялайт»
Эшбай Токсобаев атындагы мектебинин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Нурсултан Асанбековдун айтымында аталган иш-чара жогорку деңгээлде биринчи ирээт уюштурулуп жатканын белгиледи. «Адабий билим берүүчү иш-чара жогорку маштабда бирнчи ирэт уюштурулуп жатат. Бирок китеп окутуу максатында буга чейин дагы бир катар класстар арасында дагы уюштурулуп келген, бир класстан үч — төрт гана окуучу катышып калагны бул тууралуу маалымат албай калат жана ушул демилгенин жардамы менен биз бере алабыз деп ишенем. Менин оюмча бул сыяктуу иш-чараларды жаштар үчүн көп уюштурулуп турушу керек деп эсептейм”.- деп билдирет Нурсултан Асанбеков.

Иш-чарага катышкан окуучулар
Иш-чаранын уюштуруучусу Мунара Курманованын айтымында аталган иш-чаранын негизги максаты жаштарга адабий дем берүү болуп саналаарын белгиледи. “Иш-чараны уюштурууда ар кандай кыйынчылыктар болду. Бирок азыркы убакытта адабий чыгарма, китептерди окуурмандар дагы азайды жана бул иш-чара менен биз кичине болсо дагы жаштарга маалымат жана дем бере алабыз деп ишенем. Бул демилгеге жалпысынан мектеп окуучулары жана мугалимдер, ата-энелер катыша алышты. Адабий кечени кийинки жылы дагы уюштурабыз ойлоп жатабыз”,- деп билдирет Мунара Курманова.

Сахналаштыруу убагы
“Чынында бул иш-чарада ар кандай чыгармалар жана адабий дүйнө жөнүндө керектүү маалыматтар айтылды. Бул иш-чаранын эң өзгөчөлүгү жалпы мектеп иштеринен тышкары иш-чара болуп жалпы окуучу жана каалоочу ата-энелер катыша алышты. Бул сыяктуу демилгелерди жыл сайын чакан топтор менен дагы иштеп турса дагы кызыктуу болот деп эсептейм”,- деп билдирет иш- чаранын катышуучусу Жайна Жооданбек кызы.
Ислам Мамбетов