Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылынын 11 жаштагы тургуну Сырга Бердибекова КРнын Президенти Садыр Жапаровго видео аркылуу өз үйүн тааныштырып, жардам сураган. Анын кайрылуусу тууралуу социалдык медиа аркылуу маалымат алган өлкө башчысы жаңы үй куруп берүүнү убада кылган.
Апасы Гүлзат Искакованын айтымында кызынын кайрылуусунан кийин дароо өкүлдөр келип кабар алышкан.
«Чындыгында мындай болот деп күткөн эмеспиз. Анткени буга чейин көп эле жерлерге кайрылуу жибергенбиз. Бирок жооп деле, жыйынтык деле болгон эмес. Кызым орозо келатпайбы балким болор дегенинен телефонумду берип, кошунаныкына сүт сурап кеттим эле. Келсем видеого тартып кетирип жибериптир. Эмнеге жибересиңер деп айтышабы деп корктум”,- дейт.
Гүлзат Искакованын 7 баласы бар. Жолдошу үч жыл мурун каза болгон. Турак-жай 1930-жылдары курулган эски мектептин ордуна курулган. Эски мектептин кирпичтеринен тургузулган үйдүн эскилиги жетип, жашоого мүмкүн эмес. Жаан-чачында шыптан суу агып, бир бөлмөсүн каптап кетет.
Келечекте журналист болууну кыялданган Сырга видео интернетке тарап кеткенден кийин журналисттер абдан көп келгенин айтты. “Шаардан дагы келип интервью алып жатышат. Апама ушинтип жардам берейин дегем. Мектептен математика, кыргыз тил сабактарын жакшы көрөм”,- деди ал.
Мындан сырткары турак-жайдын документтерин бүткөрүү үчүн тиешелүү өкүлдөр тарабынан аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады Г.Искакова.
Барчын Мамытбекова