Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин чагылдырган бир топ чыгармалар бар. Ал эмгектер муундан-муунга өтүп, мурас катарында сакталып келе жатат. Азыркы муун ошол чыгармалардын жардамы менен ата-бабаларыбыздын кандай кыйынчылыктар менен жеңишти, азыркы бейпил жашоону бизге тартуулаганын түшүнөбүз.
Төмөндө тарыхый чындыкты, согуш мезгилин чагылдырган 5 чыгарманы сунуштайбыз:
1) Ч. Айтматовдун Ата Мекендик согуш мезгилин сүрөттөгөн чыгармаларынын бири «Саманчынын жолу» повести:
Бул повестте бүтүндөй бир Субанкулдун үй-бүлөсү апасы Толгонайдан башкасы согушта эли жерин коргошуп курман болушат. Ал эми Толгонай тылда өз эмгеги, көтөрүмдүүлүгү, күчтүүлүгү, адилеттүүүлүгү менен согушту жеңүүгө жардамын берет. Бул чыгарманын башкы каарманы Толгонай. Анын тагдыры басып өткөн турмушу, тылдагы эмгеги баяндалат.
2) Түгөлбай Сыдыкбековдун “Биздин замандын кишилери” чыгармасы:
Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эл башынан өткөн эң оор күндөр жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романынын жаралуусуна түрткү болгон. Роман Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы бир колхоздун тылдагы эмгектерин, адамдардын сүйүүсүн, жаштар менен карылар мамилесин, калктын жеңиш үчүн талбай иштөөсүн, кайраткерлигин, майтарылбастыгын көрсөтөт. Окуя Ысык-Көлдүн боюндагы бир колхоздун тынч турмушун сүрөттөө, жаңы замандын бактылуу адамдарынын эл-жер көрүүсү, кыргыз жериндеги өзгөрүүлөрдү өз көзү менен байкаган саякаттарын чагылдыруу менен башталат.
2) Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романы:
Улуу Ата Мекендик уруш маалындагы оорук менен кан майдандын карым-катышын таасын чагылдырган Узакбай Абдукаимовдун «Майдан» романы. 2-дүйнөлүк согуштун Драмасы менен трагедиясын, аларга жуулушкан адам тагдырларынын кайталангыс элесин жараткан автордун чыгармасы учурунда чоң талаш-тартыштарга туш болгон. Мезгил өткөн сайын чыгарманын көркөмдүк баалуулугу артып, окурмандар арасында жакшы окулуп келе жатат.
4) Жусуп Турусбековдун «Каракчынын трагедиясы» чыгармасы:
Бул чыгарманын каарманы Фриданын атадан калган жалгыз туягы ачкалыктан көз жумат. Баарынан ажыраган Фриданын башына түн түшөт. Бул бүткүл немец калкынын башына түшкөн оор трагедия болгон. Бирок Фриданын жакшылыктан үмүт артып, немец элин көтөрүлүүгө үндөп, «каракчы башкарса, иш ушундай болот» деп, фашизмге каршы күрөшүүгө чакырат. Мындагы каракчы деген сөзде гитлердик фашизмдин бүт кыял-жоругу, элге таңуулаган кайгы-азабы камтылган. Автор Фрида менен Макстын татаал тагдыры аркылуу бүткүл адамзатка фашизм кандай азап- тозокторду алып келгенин, ал канчалык чыныгы жүзүн жашырса да, акыры элдында айыбы ачылаарын көрсөткөн.
5)Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасы:
Кыргызстандын адабият айдыңында мындан 60 жылга чукул илгери Акылбек аттуу карыянын тагдырын баяндаган драма жазылган. «Атанын тагдыры» драмасында согуштан кайтпай калган Болотбек уулунун караанын күтүп, үмүт менен жашаган Акылбек карыянын тагдырын, толгонууларын, муңун баяндайт. Жесир калган келини, атасы али тааныбай калган небереси Жеңишбек чоң атасы үчүн өзүнчө медер, тирек болгон.
Ынтымак Таштанов