Төлөк айылы райондон бир аз алыс жайгашкан, климаты да катаал. Эгин айдап, жер-жемиш өстүрүүгө ылайыкташылган эмес. Андыктан айыл эли ар дайым мал чарбагылыгы менен алектенишет. Ишкердик кылуу үчүн жаз мезгелинен баштап сырттан акыга мал алып келишип, 6-7 ай багып оокат кылышат. Бирок акыркы жылдары мал көп келгендиктен, жаратылышка да көп зыяны тийүүдө.
Жаз мезгилинен бери жайлоого чыгуу камылгасы башталып, чабандар сырттан төрт түлүк малды алып келип жайлоолорго кетишкен. Мал алып келүүнү айрымдары тиричилик кылууда туура эле көрүнүш десе, айрымдары малдын көптүгүнөн жер кыртышы жабыркап, жайыт мал көтөр албай калды дешет.
Айбек Сакеев бир нече жылдан бери мал менен алектенет, ал ар дайым жайлоого чыгаарда туугандарынын жана бир аз элдин малын алып келип багаарын айтты:
«Биз Кашка-Суу жайлоосуна бир топ убактан бери жайлап келебиз. Туугандарымдын малын алып келип багам, андан сырткары багып бер деген элдердин малын да алабыз. Албай коёлу дейин десек, бул жакка эч нерсе бышпайт, малдан башка киреше кирчү булак жок. Сырттан аябай көп мал келип жатат, буга менин көз карашым начар, анткени келген малдарга чектөө жок болгондуктан малды көп алып келишүүдө, чөп барган сайын азайып, өсүү темпи жайлап бара жатат, анткени айыл элинин малы келгиче эле жайыттарды сырттан келген малдар тебелеп, оттоп кетүүдө.
Анткени алар малды апрель айынан баштап эле алып келе башташат да. Бул маселе барган сайын оорлоп бара жаткандай, анткени экологиялык бузулууларга алып келиши мүмкүн себеби, жер кыртышы бузулса жаратылыш бир топ жабыркайт да.»
Ал эми Ажар Касымкулова Кашка-Суу жайлоосуна 2-3жылдан бери үй-бүлөсү менен чыгып башташкан. Бул мезгилге чейин алар ички жайлоолого гана барышчу. Мамлекет тарабынан ички жайлоолорго мараторий жарыялангандан бери, алыскы жайлоолорго барууга туура келгенин айтат:
«Биз жайлоого өзүбүздүн мал менен жана сырттан да мал алып келип багабыз. Бирок малды чени менен алып келүүгө аракет кылабыз. Көп алып келип алсак аны караганга, бакканга көп убакыт талап кылып жетишпей калабыз. Малдын көбөйүшү жаратылышка зыян алып келерин билебиз бирок, жашоо-шарт ошого алып келип жатат.
Малдын туягы тийген жер бир топ жабыркайт экен. Бөтөнчө топоздор чөптү тамыры менен жеп таштагандыктан, ал жерге кайра чөп өсүп чыгып, калыбына келишине бир топ убакыт керек экен. Мал көп болгондуктан жер жашыл эмес кара тартып бара жатат»,-дейт.
Мелис Жумалиев Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Төлөк айылы боюнча төрагасы, анын айтымы боюнча малды чени менен алып келүүгө мыйзам жол бербейт:
«Экологияга малдын зыяны көп тийүүдө, бөтөнчө жайыттар акыркы жылдары жабыркап бара жатат. Апрелден баштап малды келиши улам күчүнө кирет, бир чабан эле бодо малды жүздөп алып келсе, майда жандыктарды беш жүздөп алып келишет. Төлөк айылы бышыкчылыкка ээ эмес делингендиктен, башка киреше табуунун жолу жок.
Ошондуктан биз мал алып келбегиле деп тыюу сала албайбыз, буга мыйзам да жол бербейт. Бирок элдик жыйындын чечими менен чектөө киргизсек болот. Бул маселенин чечүү жолдорун кароо боюнча 2023-жылга планга коюудабыз. Бул чектөөнү киргизели дегенибиздин себеби, жайыт мал көтөрө албай жатат.
Улам жер кыртышы эрозияга учурап, такырланып бара жатат. Такырланган жерлер жаратылыш кырсыктарына туруштук бере албай калышы мүмкүн. Малдын туягы көп тийген жерлерди көрүп жүрөбүз, ал жерге дээрлик чөп өспөй калат. Мындай жерлер бизде көп. Быйыл чектөө киргизе алган жокпуз, бирок бир топ жайлоолорго мараторий жарыяладык», -дейт.
«Мен сырттан мал албайм, өзүбүздүн мал менен чыгам, атамдын, туугандардын малын алып келем. Сырттан мал алып келгендерди көрүп жүрөм, биринчиден, ошончо көп малга жетишпей карай албай жатат, экинчиден, айыл элинин өздүк жайыттарын сырттан келген малга жедирип, жайыт эрте түгөнүп, мал арык түшүп жатат, үчүнчүдөн, малдар улам жерди такырга айлантып, жайлоонун жашылдуулугу азайып бара жатат.
Жашылдуулугу дегенимдин себеби, чөптөр көп малдын кесепетинен бат желип кетип, кайра өсүп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатат. Чөп өспөгөн жерлерди көрүп жүрөбүз, жаан жааса кыян болууда, короолор чыла болууда. Мындай көп мал алып келе берсек жерди такырга айлантып алышыбыз мүмкүн, анан сырттагы мал эмес өзүбүздүн малга жайыт таппай калабыз го. Бул малдар жайлоодогу жаратылышты эле талкалабайт, булар апрель, май айланыда айылдын жерин талкалайт, анан сентябрь, октярь айларында күздүктөрдү да талкалап жатат», -дейт Аскербек Сакеев.
Демек, малдын көп келиши менен айылыбыздын жаратылышы бузулуп бара жаткандай. Жаратылыштын бузулушу менен адам жашоосу оорлошу айдан ачык. Башкача айтканда, жаратылыштагы кырсыктар көбөйөт, бийик тоолуу айыл болгондуктан, ден соолукка да кедергисин тийгизет, дары чөптөр дагы жоголууга учурайт.
Бурул Майрамбек кызы