Кочкор районунун Төлөк айылынын «Соң-Көл» орто мектебинин окуучулары англис тили сабагынан онлайн курска катышып, ийгилик жарата алышты.
«Бул онлайн курста жаштарга туура багыт берүү, келечектеги кесипти туура тандоо, өзүн таанып билүү жана башка онлайн сабактар өтүлдү»,-дейт мектептин англис тили сабагынан берген мугалим Асел Шаршенбек кызы:
Асел Шаршенбек кызы
«Бул курска жети областан окуучулар катышып, күбөлүктөргө ээ болушту. USAIDдин каржылоосу менен Кыргыз Республикасындагы Тынчтык корпусу тарабынан уюштурулган Z-Академия долборуунун активдүү бүтүрүүчүлөрү деп мектептин 11 окуучу табылды. Онлайн курста азыркы убакта эн керек болуп жаткан окуулар окутулду. Мисалы атай кетсем, эмоционалдык интеллект, чечендик өнөр, креативдүүлүктү өнүктүрүү, финансылык сабаттуулук, стресс-менеджмент, өзүнө ишеним ж.б.
Бул окуу аябай кызыктуу болуп, окуучуларды билим алууга дилгирлентти.»
Онлайн курстун активдүү бүтүрүүчүлөрү
Ал эми бүтүрүүчү сертификатына ээ болгон Адила Арслан кызы төмөнкүлөргө токтолду: «Бул сынакка катышып сертификат алганыма кубанып турам. Сабактар жакшы өттү, онлайн болсо да тренерлердин мыкты сабактарын көрүп таасир алдым. Өзүмө көп нерселерди ала алдым. Андан сырткары эми буларды турмушта колдоном деп чечим чыгардым.»
Айпери Айбек кызы