Жаңы-Жер органикалык аймактык көргөзмөсү Бишкек шаарында болду. Көргөзмөгө №43 кесиптик лицейдин айыл чарба өндүрүшүнүн усттаттары өстүргөн органикалык таза азыктар койулду. Жыл сайын Bio.kg органикалык кыймылынын демилгеси менен уштурулган көргөзмөдө экологиялык таза, химиялык жер семирткичтер колдонулбаган, жер жемиштер сатылат.
Лицей Кыргызстандагы эң ири органикалык жер иштетүү кыймылы болгон Bio.kg долбоору менен 2012- жылдан бери иштешип келет.
Бул кесиптик лицей жергиликтүү дыйкандарга органикалык таза жер жемиш өстүрүүну жайылтууда. Лицей салттуу жер иштетүүнүн ыкмаларын изилдеп, айыл чарба өндүрүшүнүн усттаттарын окутат.
Бул долбоор менен иштешип келген лицейдин окуу бөлүм башчысы Асира Назарматова төмөнкүлөрду айтып берди:
Быйылкы жайда лицейдин жамааты атайын жер тилкелерине жер жемиштерди өстүрдүк. Быйылкы окуу жылы онлайн режиминде болгондуктан окуучуларга сабактарыбызды жөнөтүп койуп мугалим мастер дебей чогуу иштедик. Мээнетибиз кайтып алган түшүмүбүз мол болду. Жер жемиштерди кургатуу технологиясын үйрөнүп кышкы азыктарыбызды да камдап алдык. Андан сырткары, жер жемиштерден маринаддарды дагы жасаганбыз. Ашкандарын минтип көргөзмөгө сатыкка чыгардык. Көргөзмөдө шаар тургундарында маринаддарга суроо талап көп болду.
Андан сырткары, өстүрүлгөн жер жемиштердин таза уруктары кургатылып чогултулган. Алынган уруктар айыл тургундары үчүн да арзан баада сатылат. Келерки жылы Жаңы-Жерге жакынкы айыл аймактарын дагы толук органикалык аймак кылуу пландалууда.
Көргөзмөдөн түшкөн акча каражаты аталган лицейде азыркы учурда жашап жаткан мүмкүнчүлүгу чектелген жетим балдарга жумшалат.
Кесиптик лицейдин мугалимдери жер- жемиштерди кургатып алып сактоо ыкмасын колдонууда
Айчолпон Омуралиева