Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу купка үч жылдан бери колдонулуп келет. Купка ишке берилгенден бери, жергиликтүү тургундарга бир топ жеңилдиктер пайда болгон.
Чолпон айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Алайбек Карбозов:
Айыл өкмөтү Алайбек Карбозов
“Бул купка 2018-жылы “АРИС” тарабынан 1 185 000 сомго курулган. Айыл өкмөтүнүн салымы 300 000 сом. Купка үч жылдан бери иштеп келе жатат. Жаз жана күз мезгилдеринде Чолпон айыл өкмөтүнө тиешелүү айылдарды тейлейт. Ар бир мезгилде 6 миңден, 10 миңге чейин койлор купкага салынат”.
Жергиликтүү тургун Тунукбек Токтомушов
“Койлорду кралинге бир жылда эки жолу салабыз. Жазында жана күзүндө. Купкага болгон көз карашыбыз жакшы. Анткени, бул биринчиден койлордун көптөгөн ооруларын алдын алат. Мисалы, котурга, битке, ар кандай жараларга ж.б. ооруларга жакшы.
Экинчиден төлдү жакшы алууга да көмөк болот. Себеби, койлордун дени сак болсо төлдү да ошончо жакшы берет. Үчүнчүдөн элдерге да жеңилдик болот. Мурда бул купка салына электе элдер ар бири өз алдынча колго салышчу. Анын убарасы да көп болчу. Ошондуктан, бул купканын пайдасы абдан эле чоң болду деп ойлойм. Ушул купканы курдурган Чолпон айыл өкмөтүнүн жайыт комитети Урмат Өмүрбековго ыраазычылык билдиребиз.
Ушул адам көптөгөн долбоорлорду алып келип, Чолпон айыл өкмөтүнө чоң салымын кошуп жатат”.
Мал доктур Аскар Жамалидинов
“Мен 1 жылдан бери мал доктур болуп иштеп жатам. Мезгил-мезгили менен койлор купкага салынып турат. Быйылкы жылы купкага 6000 кой салынды. 1 тонна сууга 1,5 литр дары кошулат. Тейлөө акысы 1 баш койго 10 сомдон”.
Купка Чолпон жана Ара-Көл айылдарынын ортосундагы Ак-Бел тилкесинде жайгашкан
Жылына 6000-10000 чейин койлор кралинге салынат
Чолпон айылы таза суу менен камсыз болот
Гүлира Сатарова, Перизат Таштанова