Ак-Талаа районундагы оор жүк ташыган унаа ээлери “Турук” көмүр кенине бара турган жолду тазалап, Жаман-Дабан суусуна бетон шакектерди көпүрө кылып орнотушту. Бетон шакектерди сатып алууга өз чөнтөктөрүнөн каражат топтошкон.
Айдоочу Максат Койчиевдин берген маалыматына караганда жолду суукка карабай 3 күн бою шыпырып, тазалап, топурак чачып чыгышкан.
“Жаман-Дабан суусунда көпүрө жок. Көмүргө жеткиче ошол сууну 4-5 жолу кечип жүрүп отурабыз. Күн сууктаган сайын сайдын суусу токтоп, улам тоңуп, муз болуп, калыңдай баштайт. Натыйжада жол бөгөлүп, унаалар өтө албай, көмүр ташууга мүмкүн болбой калат. Айдоочуларга жергиликтүү бийлик көңүл буруп, шарт түзүп берүүгө кызыкдар болгон жок.
Көмүр алуу оңой эмес, кезек күтүп ошол кенде жумалап суукта үшүп, ачка калган калып калган айдоочулар бар. Бүгүн Айбек аттуу айдоочунун кенде калганына 9 күн болду”,- дейт.
Район эли толук көмүр отуну менен камсыз боло элек. Ошол себептүү кандай болбосун кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатабыз деп кошумчалады айдоочу.
Түшүндүрүү иштерине карбастан айыл жеринде санитардык эрежелер сакталбай жатат
Барчын Мамытбекова