Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ковид-19 илдетин алдын алуу, санитардык нормаларды, карым-катышта аралыкты сактоо боюнча тиешелүү адистер менен бирге калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Базарларда, соода борборлорунда, калкты тейлөөчү мекемелерде сатуучулардан дагы тиешелүү талаптарды сактоо талап кылынууда.
Бирок түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатканына карабастан, айыл тургундары тарабынан санитардык талаптар тиешелүү денгээлде сакталган жок. Баетов айылынын тургуну, жеке ишкер Кайыркүл Абдыкадырова: “Өзүбүз беткап тагынып, санитардык эрежелерди сактаганга аракет кылабыз. Анткени кечке базардабыз, кардарлар менен байланышта болобуз. Өзүбүздүн жана үй-бүлөбүздүн саламаттыгын үчүн өзүбүз жоопкербиз, ден-соолук жана жашоо өзүбүздүкү. Чынында көпчүлүк илдетке маани бербей жатабыз”,-дейт.
Акимдин орун басары Кенже Карагулованын маалыматына караганда, калкка түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат. Ал эми соода жайларын, тейлөө мекемелерин кыдыруу белгиленген нөөмөткө ылайык жүргүзүлүп турат. Мүмкүн болушунча ооруну жайылтып жибербей алдын алуу үчүн аракеттер жер-жерлерде көрүлүп жатат.
Коомдук жайларда, той-аштарда сакталуучу эрежелер менен бул жерден таанышып алыңыз.
Барчын Мамытбекова