Кочкор районунун Чолпон айылынын эң көйгөйлүү маселелеринин бири таза суу маселеси болчу. 2015-жылдан бери көйгөйдү чечүү аракеттери көрүлүп келет.
Чолпон айыл өкмөтү Алайбек Карбозов:
“Таза суунун зарылчылыгы бар. Себеби, биз азыркы күндө пайдаланып жаткан суу 6-7 метрден казып алган суу ичүүчү суу эмес, бирок айла жок башка суу жок болгондуктан пайдаланып келүүдөбүз.
Таза суу иши 2015-жылы башталган. I этабы Эвит-Строй Жоопкерчилиги чектелген коом тендерде утуп алып 4 974 000 сомго водозабордун тегерегин тосуп, суу кудуктан суу чыгарган. II этабы 2018-жылы “Улан Строй” курулуш компаниясы 11,6 млн сомго трасса 1900м жана резеруар курулду.
III этабы 2020-жылы “Бейшенбай” курулуш компаниясы 41 992 000 сомго айылга толугу менен суу киргизет.»
Айыл тургуну Рысбүбү Токтукулова: «Адамга аба кандай керек болсо, суу дагы так ошондой керек. Башка айылдарда суу жетиштүү болгондуктан, жергиликтүү тургундар таза суу ичип, бала-бакыра, жергиликтүү элдер оорубай, дени сак болуп, жакшынакай өсүп келе жатат. Суунун жетиштүүлүгүнөн огороддору дагы гүлдөп турат. Чолпон айылына таза суу эмес, жада калса аккан суу дагы жетчү эмес. Таза суу бул биздин айылдын эң көйгөйлүү маселелеринин бири. Азыркы учурда суу бизге эң зарыл жана керек. Бул таза суунун башталганына бир топ жыл болсо дагы, бизге жыйынтыгы натыйжасы билинбей жатат. Эгерде таза суу чыгып калса, биз үчүн эң чоң жетишкендик жана кубаныч болот эле. Ушул таза сууну жетектөөчүлөр, уюштуруучулар, тезинен аракет кылып, таза сууну чыгарып берсе жалпы эл абдан ыраазы болот элек.»
Кочкордо Калкты тейлөө борбору ачылды
Арген Токторбеков, Перизат Таштанова