Пандемия үй- бүлөлөрдү ажыраштырып, жакындардан айырды. Айрым адамдар жумушсуз калса, бизнес жоготууларга учуроодо. Экономиканы кризис каптап, адамдар коркунучка кептелди. Психолог Сейил Калдыбаева пандемия кесепетинен пайда болгон кризистен чыгуу жолдоруна токтолду.
— Пандемия адамдардын жашоосун өзгөрттү деп айтып жатабыз. Психологиялык өңүттөн алганда, адамдар өзүбүз өзгөрө алдыкпы?
— Пандемия албетте, адамдарды өзгөрттү. Бул адамдардын мүнөзүнө, типологиясына, эмоционалдык интеллектисине, ийкемдүүлүгүнө жараша ар бир адамга ар кандай таасир этти. Баардык адамды бирдей алып кароого болбойт. Кээ бир адамдарга терс таасирин тийгизсе, тескеринче кээ бир адамдарды жакшы тарапка өзгөрттү. Ар бир адам “мени пандемия кайсы жакка өзгөрттү жана мага кандай таасири болду” деп анализ кыла алат. Бул пандемияда ар бир адам стресске кабылды. Ал стресс дистерсске, андан да өтүшүп депрессияга жеткирген жокпу? Же тескерисинче пандемия алып келген стрессти мен оң жакка колдонуп кете алдымбы? Ар бир адам өзүнчө анализ кылып, талдап көргөндө бир жыйынтык чыгат. Мисалы, биздин өлкө боюнча жалпы караганда элибиздин канчалык ынтымактуу экенин, кыйын күндө колдоп кете алаарын, кайдыгер эмес адамдардын бар экени мени абдан кубандырды. Кыргыз элибиздин бул сапаты коңшу өлкөлөрдү дагы суктандырды.
— Бүгүнкү күндө пандемия кесепетинен кризисте жашап жатабыз. Ал адамдарга кандай таасир берип жатат?
— Албетте, пандемия адамды кризиске алып келип такады. Негизи эле, “кризис” адам баласынын жашоосунда болуп туруучу көрүнүш. Адам өзүнүн ар түрдүү жаш курагында дагы ар кандай кризиске дуушар болот. Оорунун кесепетинен келип чыккан кризисте адамдар да көп нерсени үйрөндүк. Бул нерсени мүмкүнчүлүк катары да карасак болот. Анткени, кайсы бир деңгээлде ички сезимдерибизди, сапаттарыбызды бекемдеп, чыңалттык. Өсүүгө өбөлгө болду. Бул дагы ар бир адамга сыноо ирээтинде болду. Ким канчалык ушул абалга туруштук бере алат? Мисалы, карантин учурунда төрт дубалдын ичинде өз жакындарыбыз менен эле тил табышып жашай алаарыбыз, бири-бирибизди канчалык жакшы билерибиз үй бүлөлүк мамилелерибизге сынак болду. Кай бир адамдар бул абалдан жакшы өттү, кээ бир тилекке каршы өтө алган жок. Кризисти жалпылап алып караганда, бул нерсени “мүмкүнчүлүк” деп баалоо керек. Бир абалдан экинчи абалга карата өсүү багыты.
— Бул абалдан кимдер кыйналбай чыга алат? Кандай жөндөмдөр керек?
— Бул абалдан өзүнүн үстүнөн үзгүлтүксүз иштегендер, эмоционалдык абалына, психологиялык жагдайына кам көргөн адамдар чыга алат. Абалдан чыгуу үчүн кандай жөндөмдөр керек? Албетте, адаптация же абалга ыңгайлаша билүү, ийкемдүүлүк, сапаттары абдан керек болот. Негизи, мындай учурда “эмне себептен ушундай болуп кетти?”, “эмне үчүн биз ушул нерсеге дуушар болдук?” деп ойлонуп отура берген адамдарга караганда, абалды кабыл алып, андан аркы багыт боюнча ойлонгон адамдар жеңишке жетет. Алар: “мындан ары кандай кадамдарды ташташыбыз керек?”, “бул абалдан канткенде чыга алабыз?”, “бул абалдан биз эмнени үйрөнө алабыз”, “өзүбүздө кандай жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүбүз керек?”, — деген анализ менен караган адамдар болот.
— Пандемия башталгандан бери сиздерге кайрылган адамдардын басымдуу бөлүгү кайсы көйгөйлөр менен кайрылат?
— Пандемия башталгандан бери коркунучу менен иштеше албай, дүрбөлөңгө түшкөн адамдар, дистресске кабылган, депрессияга кирип кеткен адамдар көп болду. Ошондой эле үй бүлөдөгү карым – катнаш, мамиленин терс тарапка курчуп кеткенине байланыштуу кардарлар да болду. Анткени пандемия, өзгөчө карантин маалында 24 саат бою чогуу отуруп калганда адамдардын мамилеси сыналып, үй бүлөлүк көйгөйлөр менен кайрылган адамдар болду. Мындан тышкары, балдары онлайн окугандыктан, балдарды окууга кантип кызыктыруу жөнүндө кайрылган ата-энелер болду.
— Кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт деп айтылат. Пандемия адамдарга кандай мүмкүнчүлүк берет деп ойлойсуз?
— Ооба, туура. Кризис – бул мүмкүнчүлүк. Эгер курактык кризис жөнүндө айтсак, адам ошол турган абалына ыраазы болбой, жаңы абалга өткүсү келген учур. Ал эми пандемия бизди күтүүсүз кризиске кептеди. Бул учурда адамдар көбүрөөк мамиле курууга, ийкемдүү болууга, көбүрөөк жашоону баалоого, жакындарыбызды сыйлоого, ошол эле биз буга чейин сезбей жүргөн жыт билүү, даам сезүүнүн канчалык баалуу экенин түшүндүрдү. Бүгүн бар, эртең жок болуп калат экенбиз деген эң жогорку баалуулуктарды бизге үйрөттү десек болот.
— Бир мисалды карап көрсөк, учурда айрым адамдар келечек кандай болот деген коркунуч менен жашап жатканы белгилүү. Анткени жумуштан кыскартылганы, миграциядан кайтып келгени же бизнеси токтоп турганы бар. Аларга кандай кеңеш бере аласыз?
— Коркунуч, ар бир адамда бар. Өзгөчө, учурдагы абал бизди көп коркунучтарга кептеп койду. Бирок, биз ойлоп таап алган коркунучтардын 90% ишке ашпай турган коркунучтар. Ошолордун 10% гана ишке ашат. Ошол себептен, адамдарда коркуу сезими пайда болуп жатканда анын үстүнөн иштөөнү үйрөнүүсү керек. Ар бир туңгуюк болуп сезилген кырдаалда үмүт жана чыгуу жолдору бар. Биздин башыбызга келген ар бир кыйынчылыкты чечүүгө ар бирибизге жетиштүү даремет берилген. Тек гана ошол учурда туура багытта ой жүгүртүү, талдоо маанилүү.
— Мындай кризистен чыгуунун жолдору барбы? Болсо, алар кандай?
— Көптөргө белгилүү психолог Эрих Берндун жакшы техникасы бар. Башыбызга келген кыйынчылыкта биз жеңүүчүнүн же курмандыктын ролун алып жашайбыз. Жеңүүчүлөр көбүнесе келген кыйынчылыкты маселе катары кабыл алганды билишет. Ал эми айрымдар өзүн ошол абалдын курмандыгы катары кабыл алышып, курмандыктын ролун тандашат. Ошондуктан, кандай гана кыйынчылык болбосун “менин башым келген кыйынчылык – бул маселе. Аны чечүүгө болот. Бул учурда жоопкерчилик – тек менде гана”, — деген позицияда болгонубуз жакшы. Ал эми, курмандыктын ролун алган адамдар күнөөлөй турган бирөөнү таап, жоопкерчиликти оодара салышат. Алар өкмөтпү, бийликпи, коңшусубу, балким кошуна өлкөнү ж.б күнөөлүү деп санап, “ал мындай кылбаганда бул кыйынчылык келмек эмес” деген позицияда жашайт. Мындай позицияда туруу – абалдан чыгууну бир топ кыйындатат. Ошондуктан, кандай гана башыңызга мүшкүл түшпөсүн, жеңүүчүнүн ролунда болуп, жоопкерчиликти колго алууга аракет кылыңыз.
Психолог: Турмуш куруудан мурда болочок түгөйүңүздүн мүнөзүн билиңиз
Пандемияга тийиштүү психологиялык кеңештер
Психологдон кеңеш: Жолдошум, кайын журтум карьерама каршы
Касиет Кубанычбек кызы