Суусамыр айыл аймагында абал орточо деп баамдалууда. Ооруканага элден ар кандай жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгы белгилүү болду.
Суусамыр ооруканасына элдер жардам беришүүдө…
Суусамыр айыл аймагы дары-дармеке, тамак-ашка жардамга муктаж болчу. Бирок азыркы учурда элден жардам келип тамак- аштар жеткиликтүү. Ооруканага жаткырылган бейтаптарга 4 маал тамак-аш берилүүдө.
Жетишпеген дарыларды COVID-19 вирусуна чалдыккан адамдар өздөрү сатып алууга муктаж…
Бейтаптарга ооруканадан мүмкүн болгон дары-дармектерди берип жатабыз. Жетишпеген дарыларды ооруга чалдыккан адамдар өздөрү сатып алып дарыланышууда. Жалпылап айтканда Суусамыр айылдык ооруканада абал орточо.
Оорунун белгилерин байкасаңыз дароо ооруканага кайрылыңыз…
Ал эми Суусамыр айыл аймагынын тургундарына айтарым санитардык эрежелерди сактап, көпчүлүк топтолгон жерлерге, той-топурга барбаңыздар демекчимин. Оорунун белгилерин байкасаңыз дароо ооруканага кайрылыңыз»-деп кошумчалады башкы дарыгер.
Эскерте кетсек, башкы дарыгер Бурулкан Турсунбекованын айтымында, 1- ноябрдан тарта Суусамыр айылдык ооруканасыда COVID-19 вирусуна чалдыккан жалпы 72 адам катталган.
Айдана Токтобекова