Суусамыр айыл аймагында 1-ноябрдан тарта 72 бейтап COVID-19 вирусу менен катталган, 3 адамдын акыбалы оор болгондуктан райондук ооруканага жеткирилгендиги белгилүү болду.
Бул тууралуу Суусамыр ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турсунбекова айтты:
«Суусамыр айыл аймагында абал орточо. 1-Ноябрдан тарта 72 бейтап COVID-19 вирусу менен катталган, 10 бейтап Суусамыр ооруканасында дарыланып жатат. Ал эми 10 адам айыгып үйлөрүнө чыгарылды. 3 адамдын абалы оор болгондуктан райондук ооруканага жеткирилди. Ал эми калган COVID-19 вирусунун женил түрүнө чалдыккан адамдар, үйлөрүнөн карантинге алынып дарыланып жатышат.
Биздин ооруканада 2 стационардык бөлмөлөр ачылган. Биринчи стационардык бөлмөгө COVID-19 вирусунун женил түрү менен ооруган адамдар, экинчисине орточо формадагы бейтаптар жаткырылат».
Суусамыр айыл аймагынын жергиликтүү кеңештин депутаты Урмат Алыпсатаров төмөндөгүлөрдү билдирди.
«Азыркы учурда жалпы эле Кыргыз Республикасында оору күчөп жаткандыгына байланыштуу Жогорку өкмөттүн токтомунун негизинде Суусамыр айыл өкмөтүндө штаб түзүлгөн. Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары, ошол түзүлгөн штаб менен биргеликте иш алып барууда. Штабдын жетекчиси Урмат Отунчиев.
Суусамыр айылдык ооруканасына жана айылдардагы ФАПтарга байланышып турабыз. Ал эми Суусамыр айыл аймагына блок посттор азырынча коюлбайт»- деп билдирди жергиликтүү кеңештин депутаты.
Суусамыр айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгеринин кайрылуусун бул жерден окуңуз.
Айдана Токтобекова