Ноокат районунун Куу-Майдан айылдык китепканасына Кыргызстан жазуучулар Союзунун мүчѳсү, жазуучу жана журналист Мырзаш Аширбековдун ысымын ыйгарууга арналган салтанат болуп ѳттү.
Иш чара гимн менен башталды
Салтанатка Ноокат райондук маданият бѳлүмүнүн башчысы, райондук китепкананын директору, комплекттѳѳ бѳлүмүнүн башчылары, айыл ѳкмѳтү, айыл аксакалдары жана ошондой эле Мырзаш Аширбековдун үй-бүлѳсү катышышты.
Жазуучуну тааныгандар ал жөнүндө айтып беришти
Иш- чаранын жүрүшүндѳ жазуучунун чогуу ѳскѳн классташ достору, кесиптештери аны эскерип чогуу ѳткѳргѳн күндѳрү, китептери жѳнүндѳ айтып беришти.
Амирбек Коргонбаев
“Биздин балалык кез ѳтѳ кыйын, согуштан кийинки мезгилде ѳткѳн. Мырзаш баш болуп, мына жерде отурган досторум менен мектепте загыра нан жеп, кыш мезгилинде загыранын ичине муз тоңуп калып, ошол музду кошуп жеп анан билим алганбыз”,-дейт жазуучунун балалыктан чогуу ѳскѳн досу Амирбек Коргонбаев.
Карамат Султанова
Мырзаш Аширбековдун жубайы Карамат Султанова жолдошу тууралуу айтып берди: “Мырзаш жазуучулуктан дагы журналистикага ѳтѳ кѳп кѳңүл буруп, түштүк региону боюнча кыдырып жумалап, айлап командировкада жүрчү. Болгону 56 сом маяна менен иштеп, ал жетпей менин да маянамды алып кетип жүргѳн күндѳр да болгон. Жогоруда баары айтып ѳткѳндѳй Мырзаш айрыкча ѳзүнүн айылына кѳп кѳңүл бѳлгѳн. Кеңеш айыл ѳкмѳтү, Ноокат районун түптѳлгѳндѳн баштапкы тарыхын жазып “Ноокат Таңы” гезитине жарыялаган”,-дейт.
Мырзаш Аширбеков
Мырзаш Аширбеков 1942-жылы 7-февралда Ноокат районундагы Кеңеш айылында туулган. Он жылдык билимди №44-жылкы заводундагы М.В.Ломоносов атындагы орто мектептен алган. 1965-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүрүп, журналисттик кесипке ээ болгон.
Жогорку курста окуп жатканда эле республикалык балдар китепканасында редактор болуп иштеген. Университетти бүтүргѳндѳн кийин Ноокат райондук “Колхозчу” гезитинде бѳлүм башчы, Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде атайын кабарчы, Кыргыз телерадиосунун Ош облусу боюнча ѳз кабарчысы болуп эмгектенген. Ош облусу боюнча ѳз кабарчысы болуп эмгектенген.
Облусттук кинопрокаттын “Экран жанылыктарына” редактор болгон. Кыргыз Жазуучулар Союзунун мүчѳсү.
Иш чаранын аягында келген конокторго Мырзаш Аширбековдун китептери таратылды
Жарык кѳргѳн китептери — “Коляска”, “Табып, небере жана жылан”, “Ат жалында ѳткѳн ѳмүрлѳр”, “Тандалмалар”, “Ласточка”, “Жол түгѳнбѳйт”. Жазуучунун кѳзү тирүү болгондо быйыл 78 жашка чыкмак.
Куу- Майдан: Пандемиянын элеттик айымдарга таасири кандай болду?
Аймончок Кожонова