Бакалавриат, магистратура, аспирантурада билимиңизди жогорулатууну пландап жүрсөңүз, алдыдагы стипендиялар тизмеги сиз үчүн! Канада, Сауд Арабия университеттери, Европа Парламенти, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын стипендиялары менен таанышыңыз.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2020-жылдын 15-декабрына чейин
Өлкө: Канада, Ванкувер,Британдык Колумбия Университети
Дональд А. Веррунг атындагы эл аралык студенттик стипендиянын максаты — татаал шарттарда мыкты академиялык көрсөткүчтөргө жетишкен, каржылык колдоосу жок алдыңкы студенттерге мүмкүнчүлүк түзүү. Стипендия Британдык Колумбия Университетинин бакалавриат программасында 3 жылдык окуу жана жашоо акысын толугу менен камсыздайт.
Талаптар
• Стипендиянын чет өлкөлүк студенттер ала алат(Канаданын жарандары жана туруктуу жашоочулары стипендия алуу үчүн кайрыла алышпайт);
• талапкерлер саясий туруксуз, согуш жүрүп жаткан же экономикалык жактан туруксуз региондон болушу керек;
• талапкерлер оор кырдаалга карабастан, жогорку билим алуу үчүн үй-бүлөнүн жана башка булактардын каржылык колдоосусуз академиялык ийгиликке жетишиши керек;
• стипендияга жалпы билим берүүчү мектептин акыркы классында окуган же орто мектепти жакында аяктаган абитуриенттер катыша алышат;
• талапкерлер алгач баклавриатка катталууга тийиш;
• талапкерлер мыкты окуу жетишкендиктерине жана лидерлик потенциалга ээ болушу керек;
• англис тилин билиши керек.
Арызды онлайн режиминде 2020-жылдын 1-ноябрынан 15-декабрына чейин тапшыруу зарыл.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 30-ноябрь 2020-жыл
Өлкө: Сауд Арабиясы
Падыша Абдулла (KAUST) атындагы илимий-технологиялык университети ар кайсы багыттагы магистрлер жана аспиранттар үчүн стипендия сунуштайт.
Талаптар
Толук маалыматты жана суроолорго жоопторду [email protected] электрондук дареги аркылуу алсаңыз болот.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2020-жылдын 20-декабры
Грант: толук стипендия
Качан: 2020-2021
Өлкө: Бишкек, Кыргызстан
ЕККУнун Бишкектеги Академиясы 2002-жылы Кыргызстандын өкмөтү жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) тарабынан коомдук фонд катары түзүлгөн. ЕККУнун Академиясы жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү, окутуу, изилдөө жана интеллектуалдык алмашуу аркылуу ЕККУнун принциптерин жана баалуулуктарын жайылтат. Ал, “Экономикалык башкаруу жана өнүгүү”, “Саясат жана коопсуздук (Борбордук Азия)” магистрдик программалары жыл сайын 60ка чейин студенттерди кабыл алат. Бул программалар жаш адистердин саясат, коопсуздук, эл аралык мамилелер, чыр-чатактарды алдын алуу, эл аралык өнүгүү, экономика жана башкаруу боюнча билимин кеңейтүүгө багытталат.
Стипендиянын артыкчылыгы
Талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
Арыз берүү үчүн катталып, онлайн анкетаны толтуруңуз.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 27 ноябрь 2020
Johnson & Johnson Global командасы саламаттыкты сактоодо негизги ролду ойногон алдыңкы катмардагы адамдарды колдойт жана коргойт. Төртүнчү жыл катары менен аталган программа дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген 12 саламаттыкты сактоонун лидерлерине Johnson & Johnson One Young World 2021 виртуалдык программасына катышуу үчүн стипендия сунуштап жатат.
Катышуучуларга талаптар:
Талап кылынган жөндөмдөр:
Стипендия алуу үчүн онлайн кайрылуу зарыл.
Тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 30-ноябрь 2020-жыл
Европа Парламенти катчылыктагы стажерлор үчүн вакансияларды сунуш кылат. Практиканын максаты — жаштарга керектүү тажрыйбаны топтоого жардам берүү. Узактыгы 5 ай. Ар бир талапкер 3 бош орунга арыз бере алат. Брюсселде жана Люксембургда иштей турган стажерлор айына 1339 евро алышат.
Европа Парламенти — саясий дебаттар үчүн маанилүү форум жана Европа Биримдиги үчүн маанилүү чечимдер кабыл алына турган жер. Парламенттин мүчөлөрү Европа Биримдигине мүчө бардык мамлекеттерде добуш берүү жолу менен шайланып, элдин кызыкчылыгын коргойт жана биримдиктин бардык мекемелеринин жана институттарынын демократиялык иштешин камсыз кылат.
Талаптар:
• 18 жаштан жогору;
• жогорку билимдүү;
• Европа Биримдигинин расмий тилдеринин бирин жана башка расмий тилин мыкты билүү;
• Соттолбогондугун тастыктаган маалымдама;
• мурда Европа Биримдигинин мекемелеринде же компаниясында 2 айдан ашык иштеген эмес;
• талапкер акыркы 6 айда билим берүү же изилдөө иштери менен алектенбеши керек.
Катышуунун каалагандар онлайн арыз тапшыра алат.
Чет өлкөлүк акысыз курстардын тизмеги
Ар бир кыргызстандык чет өлкөдө билим ала алат
Касиет Кубанычбек кызы