Ак-Талаа районундагы орто мектептерде иштеген жаш мугалимдер үчүн “Санарип жаш мугалим коомдун жаркын келечеги” аттуу окуу өткөрүлдү.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Чынар Сатындиеванын берген маалыматына караганда жаш мугалимдер менен ZOOM тиркемеси аркылуу онлайн жолугушуп, ар кандай методикалык жардамдар берилди.
“Жаш мугалимдер баары бири-биринен өзгөчөлөнүп турушат. Алардын ой жүгүртүүсү, сабак өтүү ыкмалары дагы заманбап. Албетте, мектептеги тажрыйбалуу мугалимдерден дагы көп нерсе үйрөнө алышат. Бирок ошо көпчүлүктүн шарында билинбей калбасын деп, аралыктан окуу өттүк. Аларга мотивация берүү, чыгармачылыгын арттыруу, тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүү негизги максатыбыз болчу. Өздөрүн тааныштыруу тапшырмасын көрүп отуруп, жаш мугалимдердин күчтүү, таланттуу экенин байкоого болот”,- дейт.
Жаштардын бири-бирине атаандаштыгы, өз чеберчилигин, билимин көрсөтүүгө аракеттери күч экенин кошумчалады.
Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуган окуучулар сынакка катышып, алардын ичинен жети окуучу «Кыргызстандын мыкты окуучусу» деп табылды.
Барчын Мамытбекова