Нооруз майрамын Кочкор районунун тургундары жана меймандары өзгөчө шаң менен белгилешти. Мамлекеттик ишканалардын, бала-бакча, мектептердин кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аш көргөзмөсү майрамдык концерттик программа менен коштолду.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Камил Чоткараев
Элди Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Камил Чоткараев куттуктап, ынтымак, тынчтык жана өнүгүүнү каалады. Нооруз майрамы менен куттуктап мектеп окуучулар тарабынан концерттик программа уюштурулуп элди шаңга бөлөдү.
Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин «Ак-Марал» бий тобу
Кочкор райондук маданий үйүнүн артистери театралаштырылган каада салттары камтылган оюн-зоок көрсөтүштү.
Салтанатта келген меймандар сүмөлөктөн ооз тийип, аксакалдарыбыз көктөм майрамына келгендер Нооруз менен кошо ар бир үйгө кут береке конуп, эл тынчтыгы менен ынтымагын тилешти.
Ак бата берүү учуру
Канайым Мирланова