Кыргыздын улуттук майрамы болгон Нооруз өзгөчө шаң менен өтөт. Күн менен түн теңелген жаз майрамын кыргызда жаңы жыл катары белгилеп келишет. Ак-Талаа районунун Жеңиш сейил багында көктөм майрамына карата салтанаттын биринчи күнү Алас айтып, сүмөлөк кайнатуу менен башталды.
Маданият кызматкерлери калкка майрамдык маанай тартуулашты
Алгач маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган майрамдык көрүнүштө жар чакырылып, Нооруздун келип чыгыш тарыхы баяндалды. Ага удаа эле кырка тизилген казандарга жакшы тилек, жарым ырыс делип, ыйык нан-токоч бышырылды. Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мекеме жетекчилери, айыл аксакалдарынын ак батасы менен сүмөлөк бышыруу жөрөлгөсү башталды.
Айыл аксакалдарынын батасы менен сүмөлөк кайнатуу башталды
Ыйык нан-токоч бышырылды
Нооруздун тамагы-сүмөлөк жети казанда бышырылууда
Сүмөлөк үчүн өндүрүлгөн буудай
Ал эми волейбол, футбол боюнча спорт сүйүүчүлөр арасындагы мелдеш спорт аянттарында удаа өтүп жатты.
Майрамдык сахнада маданият кызматкерлери, балдар билим борбору, балдар музыкалык мектеби, шайыр апалар тобу, «Ыр майрам» сынагындагы элдик таланттардын концерттик программасы кечке чейин уланды.
Барчын Мамытбекова