19-март күнү Кочкор айылында «Аймактардын өнүгүүсүнө туризм жол ачат» деген темада тегерек стол болуп өттү. Жыйында бул тармактагы маанилүү жана көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жыйынтыгында жергиликтүү көйгөйлөрдү райондук администрация, айыл өкмөт башчылары чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдиришти.
«Кочкор Дестинация» 2024- жылы түзүлүп анын ишин билүү үчүн бул иш-чара уюштурулду. Жыйындын максаты айыл жергесиндеги туризмди колдоо, шарттарына жардам берүү. Кочкор жергесинде туруктуу туризмди өнүктүрүү эң башкы максат экенин билдиришти. Мисалы: «Туз» шахтасы, Кочкор айылынын борборундагы инфраструктурасын түзүү ж.б
Тегерек столго КР Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Эсенбекова, КР Президентин Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлчүлүгү Курманбек Кудайбергенов, КР Туризм департаментинин директору Нурмухамед Минбаев, Кочкор районунун акими Камил Чоткараев жана анын орун басары Бермет Абдырахманова катышты.
Андан сырткары «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунун жетекчиси, Кочкор районунан 5 айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңешинин депутаттары келишти.
Жыйында Кочкор Дестинациясынын мүчөлөрү Нарын облусу анын ичинде Кочкор районунун туризм тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулап сөз сүйлөштү. Кочкор Дестинациясынын максаттары, миссиясы, көйгөйлөрү менен презентация аркылуу тааныштырышты жана анын чечүү жолдорун талкуулап, Жогорку Кеңешке ооз эки жана кат түрүндө кайрылууларды жасашты.
Жыйынтыгында жергиликтүү көйгөйлөрдү райондук администрация, айыл өкмөт башчылары чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн билдиришти.
Мадина Тилекова