20-мартта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын Нооруз майрамына карата, Тянь-Шань паркындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө «Жадырап кел, Нооруз» аталышындагы майрамдык иш чара болуп өттү.
Иш чара учуру
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жетекчиси Ж.Беккелдиев, Нарын районунун акими Н.Мадимаров, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А.Молдосалиев, мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары, маданият өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш чара учуру
Нооруз майрамы жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы экендигин белгилеп, эл жерибиздин бүтүндүгүн, ынтымактын, кут береке, мол ырыскынын майрамы болуп, эл жердин бүтүндүгүнө, тынчтыгына арналган каалоо тилектер, куттуктоолор айтылды.
Нарын райондук администрациясынын башчысы аким Мадимаров Нуридин Султановичтин куттуктоо учуру
Иш чаранын жүрүшүндө, элге ак кызматын кылып, мамлекеттин өнүгүүсүнө жигердүү салым кошуп келген, ар тармактын өкүлдөрү Нооруз майрамына карата «Ардактуу атуул» наамы менен сыйланышты.
Нарын райондук администрациясынын башчысынын орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна (Оң тарапта)
Ошондой эле, Нооруз майрамы берекенин, барчылыктын майрамы болгондуктан, боз үй тигилип, кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак- аш жана суусундуктар боюнча көргөзмө уюштурулду.
Иш-чаранын соңунда райондук маданият үйүнүн өкүлдөрү тарабынан салтанаттуу майрамдык концерттик программа коюлду.