Ак-Талаа районунда 21-март Нооруз майрамына карата жеке ишкер Жылдыз Коконбаева жана райондук мамлекеттик админстрациясынын уюштуруусунда “Арыба кыргызымдын нарктуулугу” аттуу салтанатта «Мыкты сүмөлөк» жана «Мыкты бозо» сынагы өткөрүлдү. Ага атайын комиссия түзүлүп жеңүүчүлөрдү антыктап аларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жети казан сүмөлөк эреже боюнча бир күн райондук мамлекеттик администрациясы, Баетов айыл өкмөтү, Кара-Бүргөн айыл өкмөтү, билим берүү бөлүмү, «Аялдар кеңеши» коомдук уюму, жалпы дарыгерлик практикалык борбору, маданият бөлүмү тарабынан мурда кайнатылып, майрам күнү аксакалдардын, комиссия курамынын катышуусунда ачылды.
Сүмөлөк боюнча;
— 1-орунду Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы ээлеп, 20 миң сом,
— 2-орунду Баетов айыл өкмөтү камсыздап, 10 миң сом,
— 3-орунду «Аялдар кеңеши» коомдук уюму жеңип алып, 8 миң сом менен сыйланды.
Ошондой эле, калган катышуучулардын ар бирине 5 миң сомдон сыйлык тапшырылды.
Мындан сырткары мекеме-ишканалар, жашоочулар, коомдук уюмдар бозо көргөзмөсүнө катышышты.
Көргөзмөгө бозонун 60ка жакын түрү коюлган. Сынакка атайын Бишкектен келген адис тарабынан баа берилди.
Бозо боюнча;- 1-орунду Кара-Бүргөн айыл өкмөтү ээлеп, 10 миң сом,
— 2-орунду Баетов айыл өкмөтү камсыздап, 5 миң сом,
— 3-орунду Баетов айылынын тургуну Майрамкүл Сакыева жеңип, 3 миң сом менен сыйланды.
Калган катышуучулардын ар бирине 1 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.
Барчын Мамытбекова