Кызыл-Кыя шаардык мэриясында үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу боюнча чогулуш болуп өттү. Ага тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер катышып, мындай бала бакчлар учур талабы болуп турганын белгилешти. үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу менен бул маселе бир кыйла женилдеп, жумушсуз жарандар да иш орундары менен камсыз болушарын айттылды.
Чогулушка Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова, Кызыл-Кыя шаардык ӨКМ башчысы майор Б.Тойгонов, оорулардын алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А.Сатыбалдиев шаардагы балдар бакчаларынын директорлору, квартал жана үй комитеттери катышты.
Мэр А.Маткалыков учурда үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу мезгил талабы экенин белгилеп, бул боюнча өкмөттүн тапшырмасы да бар экендигин билдирди. Ошондой эле ачууну каалагандар үчүн мэрия колдоо көрсөтөөрүн айтты.
Мэрдин биринчи орун басары И.Бабаев Кызыл-Кыя шаарында калктын саны өсүп балдар бакчаларына талап күчөп жаткандыгы туурасында айтып, үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу менен бул маселе бир кыйла женилдеп, жумушсуз жарандар да иш орундары менен камсыз болушарын айтты.
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Матосмонова үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга болгон талаптар, жеңилдетилген шарттар туурасында кеңири маалымат берип өттү. Кызыл-Кыя шаардык ӨКМ башчысы майор Б.Тойгонов үй тибиндеги бала бакчаларда өрт коопсуздуктарынын сакталышы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу шарттарын түшүндүрүп өттү.
Ал эми оорулардын алдын алуу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы А.Сатыбалдиев бул балдар бакчаларын ачуу үчүн кандай санитардык талаптарга жооп берүү жана кандай шарттар түзүлүшү керектиги туурасында маалымат берди. Чогулуш суроо-жооп менен жыйынтыкталды.
Жумагүл Көчкөнбаева